Имамдарга коронавирустан коргонуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды

© Sputnik / Эмиль СадыровБорбордук мечеттин куполу. Архив
Борбордук мечеттин куполу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Муфтият республикадагы бардык мечиттерди таза кармоо жана жайнамаздарды дезинфекциялоо керектигин эскертти.

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Муфтият дин кызматкерлерине өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө тапшырма берди. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүдө коронавирустан коргонуу боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин сунуштамаларын элге жайылтуу милдети жүктөлгөн.

"Өлкө аймагындагы казыят, хатибият, мечит, медресе жана окуу борборлоруна жума намаздарында, сабактарда коронавирустун алдын алуу жолдорун элге түшүндүрүү боюнча тапшырмаларды берди. Аны менен катар муфтият республикадагы бардык мечиттерди таза кармоо жана жайнамаздарды дезинфекциялоону тапшырды", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле кечээ Нарын облусундагы мечиттерге жума намазына келген тургундарга имамдар коронавирустан сактануу тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.

Ал эми Бишкек шаарынын казысы Садридин ажы Мажитов калаадагы бардык мечиттердин имамдарына санитардык абалга дыкат көңүл буруп, тазалык маселесин катуу көзөмөлгө алууну эскерткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0