Кой-Таш окуясы боюнча сот жабык эшик артында өтмөй болду

© Sputnik / Табылды КадырбековРабота первомайского районного суда в Бишкеке
Работа первомайского районного суда в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атамбаевдин тарапташтары сот жараяндарын ачык өткөрүүнү талап кылууда. Буга чейинки отурумдар жабык өтүп келген.

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Кой-Таш окуясын териштирген соттук иштер жабык өтөт. Бул туурасында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева билдирди.

Анын айтымында, мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Садыков кабыл алган.

Сот жабык түрүндө өтөрүн райондук соттун маалымат кызматы дагы тастыктады. Мунун себеби тууралуу кийинчерээк маалымат берүүнү убадалашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0