Балалуу аялды жулкулдатып түшүрүп салган айдоочу күнөөсүн моюндаган эмес. Видео

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүМаршруткалар. Архив
Маршруткалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айдоочу иштен четтетилген. Учурда айдоочу жана "ТрансГруппКоммуникейшн" фирмасынын жетекчилери менен териштирүү иштери жүрүп жатканы айтылды.

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Бишкекте балалуу аялды жулкулдатып түшүрүп салган айдоочу милицияга көрсөтмө берип жатып, күнөөсүн моюнга алган эмес.

Бул видеону мэриянын маалымат кызматы жөнөттү. Анда айдоочу ошол учурдагы кырдаал видеого толугу менен тартылбай калганын айткан.

"Менин автоунаамда отурган адамдар акыйкат үчүн ошол жерден айтып деле койсо болмок. Кишиге жөн жерден жалган жалаа жаап жатканына нааразымын. Адамдар туура нерсени айтса башкача болмок. Өзүмдү күнөөлүүмүн деп эсептебейм, бирок кечирим сурайм. Анткени мен эл менен иштейм, ошол себептен кечирим сурашым керек. Шаардын жарымы эле менин автоунаама түшүп чыкса керек. Ар кандай адамдар менен иштейбиз. Баары эле түшүнүктүү болду го", — деген айдоочу.

Эске салсак, кечээ, 5-мартта, күбө маршруткага коляскасы менен кирген балалуу аялды айдоочу "көп орунду ээлеп жатасың" деп транспорттон жулкулдатып түшүрүп салганын айтып, видеосун жиберген. Анын айтымында, аныгында коляска эч кимге жолтоо болгон эмес, себеби бүктөлүп бурчта турган. Аял өзү дагы орундукта отурбай, туруп турган.

Мэриянын маалымат кызматы айдоочу иштен четтелилгенин кабарлады. Учурда айдоочу жана "ТрансГруппКоммуникейшн" фирмасынын жетекчилери менен териштирүү иштери жүрүп жатканы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0