Түштүк Кореядан келген 21 кыргызстандык карантинге алынды. Алардын абалы кандай

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүОтделение для людей с подозрением на коронавирус в Боткинской больнице
Отделение для людей с подозрением на коронавирус в Боткинской больнице - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги келгендерде вирустун белгиси жок жана абалдары канааттандырарлык экенин айтты.

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Бишкекке Түштүк Кореянын Сеул шаарынан Алматы аркылуу келген 21 кыргызстандык карантинге киргизилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен тастыкташты.

Sputnik Казакстан агенттигинин жазганына караганда, Сеул — Алматы каттамы менен жүргөн учак коронавирус күч алган Түштүк Корядан 5-март күнү 197 кишини алып келген. Алардын ичинде казакстандыктардан тышкары Кыргызстан, Өзбекстан, Россия, Тажикстан жана Украинанын жарандары бар.

"Кыргыз тарап милиционерлердин коштоосунда атайын автобус жиберип, 21 кыргызстандык мекенине жөнөтүлдү", — деп жазылат макалада.

Учактагы жүргүнчүнүн температурасын текшерүү - Sputnik Кыргызстан
Коронавирус: Кыргызстанга учуп келгендер учактын ичинде текшерилет
Ал эми Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги алып келинген жарандардын бардыгы карантинге киргизилгенин айтты. Маалыматка караганда, аларда илдеттин белгиси жок, абалдары канааттандырарлык.

Эске салсак, ушул тапта Кыргызстанга Кытай, Иран, Япония, Түштүк Корея жана Италиянын жарандарынын киришине чектөө коюлган. Бул мамлекеттерден келген кыргыз жарандары эки апталык карантинден өтүүгө милдеттүү.

Акыркы маалыматтарга караганда, Түштүк Кореяда COVID-19 коронавирусун жуктуруп алгандардын саны 6284 кишиге жетти. Алардын ичинен 40ы көз жумуп, 135и сакайып кетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0