Коронавируска байланыштуу Кыргызстанда массалык иш-чараларды өткөрүү токтотулат

© AP Photo / Alik KepliczКонференция ООН в Варшаве
Конференция ООН в Варшаве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Штабды түзүү боюнча чечим 3-марттагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында кабыл алынган. Аны жетектөө милдети экономикалык маселелерге жооптуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиевге жүктөлдү.

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Кыргызстанда жакынкы күндөргө пландалган көп сандагы адамдардын катышуусундагы маданий-массалык иш-чараларды өткөрүү токтотулат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, коронавирустун жайылышына байланыштуу тышкы таасирлердин кесепеттерин азайтуу жана экономикалык өнүгүүнү өбөлгөлөө боюнча республикалык штаб түзүлдү. Аны экономикалык маселелерге жооптуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев жетектесе, орун басарлыгына өкмөттүн аппарат жетекчиси Самат Кылжыев менен экономика министри Санжар Муканбетов бекитилди.

Бүгүн, 5-мартта, штабдын биринчи жыйыны болуп, анда төмөнкүдөй маалыматтар айтылды:

Эпидемиологиялык абал туруктуу, коронавируска кабылгандар жок. Мамлекеттик чек арадагы бардык өткөрмө-көзөмөл жайлары күчөтүлгөн режимде иштеп жатат. Медициналык кызматкерлер, эпидемиологдор, санитардык дарыгерлер, Тез жардам жана башка ыкчам кызматтардын өкүлдөрү күнү-түнү нөөмөттө турушат;

Калпакчан жигиттер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коронавирус кооптуулугунан улам Таласта Ак калпак күнү белгиленбей калды
Мамлекеттик органдар туруктуу мониторинг жүргүзүп, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму менен байланышта болуп турушат;

Саламаттык сактоо министрлигинин сунушуна ылайык, жакынкы күнгө пландалган көп сандагы адамдардын катышуусундагы маданий-массалык иш-чаралар токтотулду;

Штабдын мүчөлөрү жарандарды Кыргызстанда коронавируска кабылгандар бар экендиги тууралуу калп билдирүүлөрдү таратуу менен элди дүрбөтпөөгө чакырды;

Тармактык органдарга жарандардын коронавируска байланыштуу суроолоруна жооп берүү үчүн түз байланыш ишин активдештирүү тапшырмасы берилди;

Каттоо кызматына чет өлкөгө чыгуу паспортторун берүү процедурасын тездетүү милдеттендирилди;

Билим берүү жана илим министрлигине коронавирус жана оорунун алдын алуу боюнча өздүк гигиена эрежелери жөнүндө билим берүү мекемелеринде маалымат берүү иштерин улантуу тапшырмасы берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0