04:36 09 Теке 2020
Түз эфир
  • USD78.0266
  • EUR88.0062
  • RUB1.0953
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (1806)
101 0 0

Майрамга карата шаардын борбордук аянтында музыкалык программадагы масштабдуу иш-чара өткөрүү пландалган.

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Коронавирус кооптуулугунан улам киргизилген чектөөгө байланыштуу Таласта Ак калпак жана улуттук кийимдер күнүн белгилөө токтотулду. Бул тууралуу өкмөттүн Талас облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Канимет Осмонбеков билдирди.

Анын айтымында, Ак калпак күнүнө карата шаардын борбордук аянтында музыкалык программадагы масштабдуу иш-чара өткөрүү пландалган.

"Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу берилген сунуштарды эске алып иш-чараны токтоттук. Мындан улам жалпыга маалымдоо каражаттар аркылуу эле куттуктадык", — деди Осмонбеков.

Белгилей кетсек, Ак калпак майрамы Кыргызстанда 2011-жылдан бери майрамдалып келет. 2016-жылы Жогорку Кеңеш 5-мартты - Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү деп расмий бекиткен. Бул майрам жер-жерлерде белгиленип, мырзалардын күн бою ак калпак кийип жүрүшү салтка айланган.

Коронавирус тууралуу

Белгилей кетсек, бир ай мурда Кытайдын Ухань шаарында чыккан коронавирус тездик менен жайылып, Япония, Түштүк Корея, Иран жана Италияда күч алганы белгилүү болду. Кыргызстан аталган өлкөлөрдүн жарандарын убактылуу киргизбей туруу чечимин кабыл алды. Ал эми Кытай менен чек аралар жабылып, авиакаттам токтотулган.

Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирус кооптуулугунан улам ири иш-чараларды чектеп, жума намазга баргандардын санын азайтуу керектигин сунуштады. Республикалык штаб эл көп чогулган жерлерден оолак болууну сунуштап жана өздүк гигиенаны сактоого чакырган.

Кытай бийлиги 2019-жылдын 31-декабрында Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна (ДССУ) өлкөнүн борбордук бөлүгү Ухань шаарында белгисиз пневмония оорусу күч алганын билдирген. Адистер оорунун козгогучу коронавирус COVID-19 экендигин аныктап, эл аралык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал деп жарыялаган.

Соңку маалыматка караганда, коронавируска кабылгандардын саны 95 413 кишиге жетти. Анын 53 257си сакайып кетсе, 3 285 адам көз жумду.

Биз анализ тапшыра турган лабораториялар тууралуу маалымат чогулттук. Баасы, дареги, телефон номерлери

Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (1806)

Тема боюнча

Коронавирусту жеңүүгө болобу? Окумуштуулар жаман-жакшы жагдайлар тууралуу айтты
Коронавирус күч алган өлкөлөрдө канча кыргызстандык бар? ТИМдин жообу
Белгилер:
Ак калпак күнү, иш-чара, Талас облусу, коронавирус

ЭҢ МААНИЛҮҮ