Генерал болсом дейм. "Шумкар" отрядында иштеген каратист Күмүшайдын маеги

© Фото / студия "Азамат"ИИМдин "Шумкар" отрядынын кызматкери Күмүшай Орозкулова
ИИМдин Шумкар отрядынын кызматкери Күмүшай Орозкулова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз эли бир сырдуу, көп кырдуу кыздарынан уучу кур эмес. Биздин бул жолку каарманыбыз чыгыш мушташ өнөрүнүн чебери, ИИМдин "Шумкар" отрядынын кызматкери болуп эмгектенет.

Көптөгөн ийгиликтерге жетишип, бир катар мамлекеттерде Кыргызстандын желегин желбиреткен Күмүшай 25 жашта. Генерал болом деп келечегинен көптү үмүттөндүргөн Күмүшай Орозкулова менен Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы маек даярдады.

— "Шумкар" отрядынын өзүнчө ротасына кандайча иштеп калгансыз?

— Кичине кезимде эле форма кийгенди жакшы көрчүмүн. Окуучулук кезимде "милиция, орган кызматкери болом, аскер кийим мекенге кызмат кылам, мекенди коргойм" деп кыялданаар элем. 2013-жылы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин юриспруденция факультетине тапшырып, аны 2018-жылы аяктагам. Ротабыздын командири Равшан Кожобековдун чакыруусу менен дароо эле өзүнчө ротада иштеп калгам. Алгач жаңы жумушка киргенде кыйналдым. Эмгек жамаатта негизинен эркек кишилер болгон үчүн башында коллективге көп аралаша албай жүрдүм. Акырындык менен гана көнө баштадым. Азыр баары агадай мамиле кылып, "кичинекейибиз" деп эркелетип, сыйлап турушат.

— Кызматыңыз толук кандай аталат?

— КРдин Ички иштер министрлигинин "Шумкар" отрядынын №3 батальонунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын милиционери, милициянын сержантымын. Азыр сержанттык курамда кызмат өтөп жатам.

© Фото / УВД Джалал-Абадской областиКүмүшай Орозкулова: Эркек балдар менен теңтайлашып, шамдагай боло албай, автомат атканды үйрөнө албай жарым жыл жүрдүм. Курал кармаганды да билчү эмес элем. Азыр, кудайга шүгүр, баарын өздөштүрдүм.
Генерал болсом дейм. Шумкар отрядында иштеген каратист Күмүшайдын маеги - Sputnik Кыргызстан
Күмүшай Орозкулова: Эркек балдар менен теңтайлашып, шамдагай боло албай, автомат атканды үйрөнө албай жарым жыл жүрдүм. Курал кармаганды да билчү эмес элем. Азыр, кудайга шүгүр, баарын өздөштүрдүм.

— Көп кыздардын мындай кесип тандоо оюна да келбесе керек...

— Ооба, эл кыздардын аялзатына таандык кесипте иштегенине көнүп калган. Мен болсо эмнегедир бала чагыман тарта эле күч органдарында иштөөнү самачумун. Негизинен кылмыштуулук менен күрөшүү операцияларына катышам. Бул кесипти эркектерге гана таандык деп эсептебейм. Кыздар да өздөштүрүп кетсе болот.

— Жумушуңуздун сиз үчүн эң татаалы эмне?

— Жаңы киргенде катарга тизилип басканды билбей эки-үч ай аябай кыйналгам. Андан тышкары, бизди тревогага, ок атууга чыгарат. Эркек балдар менен теңтайлашып, шамдагай боло албай, автомат атканды үйрөнө албай жарым жыл жүрдүм. Курал кармаганды да билчү эмес элем. Азыр, кудайга шүгүр, баарын өздөштүрдүм. Автоматты чечип, кайра жыйнап ок атууда жыйынтык көрсөтө алам. Ал эми иш графиги боюнча кыйынчылык жок.

Ротабыздын командирине, кесиптештериме ыраазымын. Алар дайыма туш-тараптан колдоо көрсөтүп турушат. Жумуштагы көйгөйлөрдөн улам спорттук чемпионатка барбай калган учур болгон эмес. Иштөөгө жана машыгууга шарт түзүп беришет.

© Фото / студия "Азамат"Күмүшай Орозкулова: Дүйнө чемпиону, каратэ боюнча 6-Дандын ээси Иннокентий Анга да барып, мезгил-мезгили менен сабак алып, машыгып турам
Генерал болсом дейм. Шумкар отрядында иштеген каратист Күмүшайдын маеги - Sputnik Кыргызстан
Күмүшай Орозкулова: Дүйнө чемпиону, каратэ боюнча 6-Дандын ээси Иннокентий Анга да барып, мезгил-мезгили менен сабак алып, машыгып турам

— Каратэ менен кандайча машыгып калдыңыз эле?

— Спорттун каратэ-до түрү менен 2006-жылдан бери машыгып келем. Алгач атам алып барган. Менин биринчи машыктыруучум Алишер Сыдыков. Ал кишинин колунда эки жылдай тарбияландым. Агайым чет мамлекетке кеткенде Каратэ-до федерациясынын алдыңкы машыктыруучуларынын бири Төлөн Жакшыбаев агайдын колуна келдим. Ушул күнгө чейин агайдан таалим алуудамын. Андан тышкары, дүйнө чемпиону, каратэ боюнча 6-Дандын ээси Иннокентий Анга да барып, мезгил-мезгили менен сабак алып, машыгып турам.

— Ийгиликтериңизчи?

— 2006-жылдан тарта облустук деңгээлдеги мелдештерге катышып баштагам. Ал эми 2008-жылдан бери коңшу өлкөлөрдө өтүлүп жаткан жеткинчектер жана жаштар арасындагы турнирлерге катышып келем. Жакында эле Чехиянын Градец Кралове шаарында өткөн дүйнөлүк мелдешке барып келдим. Ал жактан командалык эсеп менен кыргызстандыктар үчүнчү орунга жетиштик. Андан тышкары, 2011-жылы Казакстанда өткөн чемпионатта биринчиликти алгам жана 2017-жылы Борбор Азия биринчилигинде чемпион болдум. Учурда спорттун чебери, кара курдун ээсимин (1-Дан). Ушул күнгө чейин каратэ боюнча 48 медаль, 60 дипломго ээ болдум. Албетте, дагы өсүшүм керек. Бул чек эмес. Учурда жумуштан тышкары балдарды да машыктырып жатам.

© Фото / студия "Азамат"Күмүшай Орозкулова: Башынан эле ачык-айрыммын. Жаман көрүп калабы дебейм, туура жагын бетке айтып салам. Бирок назик элемин. Органда иштеп мүнөзүм өзгөргөн жок.
Генерал болсом дейм. Шумкар отрядында иштеген каратист Күмүшайдын маеги - Sputnik Кыргызстан
Күмүшай Орозкулова: Башынан эле ачык-айрыммын. Жаман көрүп калабы дебейм, туура жагын бетке айтып салам. Бирок назик элемин. Органда иштеп мүнөзүм өзгөргөн жок.

— Шакирттер ийгилик жаратып калдыбы?

— Ооба. Окуучуларымдын ичинен республиканын, облустун чемпиондорун чыгардым. Мисалга, Рушания Абдукеримова деген кызым 2019-жылы 6-7 жаштагы киченекейлер арасындагы республикалык чемпионатта 1-орунду, Умар Рустамбеков деген окуучум ошол эле турнирде 2-орунду алып келди. Ал эми облустук деңгээлдеги мелдештерде Нурислам Кебекбаев деген кичинекей машыгуучум 1-орунду ээледи. Шакирттеримден үмүтүм чоң.

— Студенттик күндөр эсте каларлык эле өтүптүр да, ээ?

— Студент кезимде эле спорттун аркасы менен көптөгөн чет мамлекеттерге, чемпионаттарга чыгып жүрдүм. Окуу жайдан да жетекчилик мага абдан колдоо көрсөтүп келген. Ата-энемдин кашында Жалал-Абадда окугандыктан кээ бир студенттердей жакындарымды сагынып же ачка-ток калган күндөр менде болгон жок. Университетке кирип баратканда менден төмөн курстардын "каратист кыз келе жатат" деп шыбырашканы угулчу (күлүп). Бирок курсташ, группалаштарым менен сый, жакшы мамиледе болдум.

© Фото / студия "Азамат"Күмүшай Орозкулова: 2011-жылы Казакстанда өткөн чемпионатта биринчиликти алгам жана 2017-жылы Борбор Азия биринчилигинде чемпион болдум. Учурда спорттун чебери, кара курдун ээсимин (1-Дан).
Генерал болсом дейм. Шумкар отрядында иштеген каратист Күмүшайдын маеги - Sputnik Кыргызстан
Күмүшай Орозкулова: 2011-жылы Казакстанда өткөн чемпионатта биринчиликти алгам жана 2017-жылы Борбор Азия биринчилигинде чемпион болдум. Учурда спорттун чебери, кара курдун ээсимин (1-Дан).

— Эркектер менен иштеген кыз-келиндер кыялы оорлоп, орой болуп калышат деп айтышат...

— Башынан эле ачык-айрыммын. Жаман көрүп калабы дебейм, туура жагын бетке айтып салам. Бирок назик элемин. Органда иштеп мүнөзүм өзгөргөн жок. Сыртыман угуп жүргөндөр менен тааныша келгенде көбүнчө мүнөзүмө таң калышат. Көрсө жумушумду угуп алып эле көптөр мени орой, эркек мүнөз деп ойлошот экен. Аны кийин айтышат.

— Жигиттер да сөз айтууга даай албаса керек?

— Ооба, ошондой экен. Андайларды да байкайм. Мага эмес чоң апамдарга “кызыңар органда иштесе, өзү каратист болсо даай албайбыз” деп айткандар болот. Угуп күлүп калам.

— Үй-бүлөңүз кесибиңизге кандай карайт?

— Үйдө беш бир туугандын төртүнчүсүмүн. Атам чакан бизнес менен алектенет, ал эми апам үй кожойкеси. Улуу бир туугандарымдын баарынын өз турмушу бар. Менден кийинки сиңдим 4-класс. Ал да менин шакирттеримдин катарында. Сиңдим да 2017-жылы жеткинчектер арасында КРдин каратэ боюнча чемпиону болду. Үйдөгүлөр кесибиме да түз көз карашта. "Бул кыз кишиге ылайык жумуш эмес" деп эч кимиси каршы болгон эмес. Тескерисинче, ата-энем ишимди, спорт менен машыгуумду колдоп турат. Атам дайыма "кызым, жакшы иште, машыга бер" деп күч-кубат берип сүрөп келет.

© Фото / студия "Азамат"Күмүшай Орозкулова: Кыргызстандын керегине жараган улан-кыздарды тарбияласам дейм. Ал эми жумушта да ийгиликтерди жаратып, генерал наамына жетким келет.
Генерал болсом дейм. Шумкар отрядында иштеген каратист Күмүшайдын маеги - Sputnik Кыргызстан
Күмүшай Орозкулова: Кыргызстандын керегине жараган улан-кыздарды тарбияласам дейм. Ал эми жумушта да ийгиликтерди жаратып, генерал наамына жетким келет.

— Жеке жашоочу?

— Быйыл же эмдиги жылы турмушка чыгам деп айталбайм. Азырынча турмуш куруу планымда жок.

— Алдыда кандай максаттар бар? Эмнени кыялданасыз?

— Машыктыруучулук жаатында бир топ пландарым бар. Кыргызстандын керегине жараган улан-кыздарды тарбияласам дейм. Ал эми жумушта да ийгиликтерди жаратып, генерал наамына жетким келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0