Казакстан кыргызстандыктар үчүн акысыз билим алууга сынак жарыялады

© AFP / FREDERICK FLORINСтуденттер сабак учурунда. Архив
Студенттер сабак учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Гранттык орундар аркылуу билим алууну каалагандар Казакстандын мамлекеттик университеттерин жана адистиктерди өздөрү тандайт. Документтер 10-апрелге чейин кабыл алынат.

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Казакстанда акысыз билим алууга сынак жарыяланды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.

Билдирмеге ылайык, коңшу мамлекет 2020-2021-окуу жылына карата кыргызстандыктар үчүн беш гранттык орун бөлгөн. Анын үчөө бакалавриат, экөө магистратура программалары.

"Гранттык орундар аркылуу билим алууну каалагандар Казакстандын мамлекеттик университеттерин жана адистиктерди өздөрү тандайт. Документтер 10-апрелге чейин кабыл алынат", — деп жазылат билдирүүдө.

Сынакка катышуу үчүн керектүү документтер:

  • арыз;
  • паспорттун көчүрмөсү;
  • буга чейин алган билими тууралуу документтин көчүрмөсү;
  • чет өлкөгө билим алганы чыгып жаткандар үчүн медициналык маалым кат;
  • ВИЧ жоктугу тууралуу медициналык маалым кат;
  • Флюорография;
  • орус же англис тилиндеги мотивациялык эссе (250-500 сөз);
  • англис же орус тилинде жазылган сунуштама каты;
  • соттолбогондугу тууралуу маалым кат.

Министрлик толук эмес же документтери көрсөтүлгөн талаптарга жооп бербеген билдирмелер каралбай турганын эскертти.

Сынакка катышчулар документтерин Билим берүү жана илим министрлигине тапшырат. Дареги: Бишкек шаары, Тыныстанов көчөсү, 257 (220-кабинет). Күн сайын 14:00дөн 17:30га чейин кабыл алат.

 

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0