Тазабек Икрамов Ак калпак күнүн бир жума майрамдоону сунуштады

© Фото / пресс-служба ЖКЖК депутаты Тазабек Икрамов
ЖК депутаты Тазабек Икрамов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлү өкмөт тарабынан кыргыздын улуттук кийимдерин даңазалоо иштери жүрбөй жатканына нааразы болууда.

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Депутат Тазабек Икрамов парламенттин жалпы жыйынында сүйлөп жатып Ак калпак күнүн бир жума майрамдоону сунуштады.

Эл өкүлү өкмөт тарабынан кыргыздын улуттук кийимдеринин кадыр-баркын көтөрүү жана даңазалоо иштери жүрбөй жатканына нааразы болууда.

"Биз азыр коомдогу ар кандай кырдаалга карабастан, көп улуттуу өлкө экенибизди эске алуу менен улуттук кийимдерибизди даңазалоодон эч качан качпашыбыз керек. Билим берүү министрлиги тарабынан окуучуларга, студенттерге улуттук кийимдердин өзгөчөлүгүн, баркын түшүндүргөн идеологиялык иш-аракеттер байкалбай жатат. Мен 5-мартта бир күндү эле белгилеп койбостон, улуттук кийимдерди даңазалоо жумалыгынын жобосун иштеп чыгууну өкмөткө сунуштайт элем", — деди Икрамов.

Депутаттын билдиришинче, 2016-жылы Жогорку Кеңештин токтому менен улуттук баш кийимдин маанисин сактоо жана сыйлоо, каада-салттарды колдоо, элдин кыргыз маданиятына болгон сыймыктануу сезимдерин ойготуу максатында 5-март Ак калпак жана улуттук кийимдерди даңазалоо күнү катары кабыл алынган.

 

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0