18:03 27 Бугу 2020
Түз эфир
  • USD73.4900
  • EUR80.5230
  • RUB1.0341
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (1427)
140 0 0

Санитардык кызматтар коронавирус жана башка жугуштуу ооруларды алдын алуу үчүн соода кылган жерлерди дезинфекция кылып жатышат.

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Бишкектин Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору соцтармакта тарап жаткан видео боюнча маалымат берип, шаардын базарлары кандай препарат менен дезинфекцияланып жатканын айтты.

Буга чейин мэриядагылар коронавирус жана башка жугуштуу ооруларды алдын алуу үчүн адистер базарларды дезинфекциялап жатканын билдирген. Ошондой эле "Ош", "Аламүдүн" базарларындагы эт саткан жайлар да тазаланып жатканы кабарланган.

Ал эми соцтармакта "Орто-Сай" базарынан тартылган видео пайда болгон. Анда атайын кийим кийген адистер соода күркөлөрдү аралап жүргөнүн көрүүгө болот. Видеонун автору адистер белгисиз затты соода кылгандарга эскертпей чачып жатканын айткан.

Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Айгүл Бейшеналиева алардын кызматкерлери базарды 3-мартта дезинфекция кылганын билдирди.

" Биздин эч нерсе чачпаганыбыз видеодон көрүнүп турат. Болгону түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнбүз. Эт, сүт саткан жерлерди тазалагандан кийин башка да азык-түлүк саткан күркөлөрдү дезинфекция кылып берүүнү суранышкан. Негизи администрация сатуучуларга эскерткен. Алар туура эмес түшүнүп алышкан окшойт. Сатуучулар товарларын алгандан кийин гана өз ишибизди жасаганбыз", — деди Бейшеналиева.

Ал эки препарат менен дезинфекция кылынарын айтып, алар эл аралык стандартка туура келерин билдирди. Бардыгы тендер аркылуу алынган.

"Бул кошулмалар микроб, вирустарды жок кылат. Биз алардын сапаты жана коопсуздугуна кепилдик беребиз. Жыты жок, айлана-чөйрөгө зыяны тийбейт", — деди адис.

Анын айтымында, дезинфекция кылуу учурунда тазалоочу жерлер 30 мүнөткө бошотулушу керек. Коопсуздук техникасынын талаптары боюнча, тазалаган адамдар атайын кийим кийишет.

Бейшеналиева колбаса чыгарган цехтер менен тез татым жайлары дагы дезинфекция кылып берүүнү өтүнүп жатканын кошумчалады.

Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (1427)

Тема боюнча

Дүйнөлүк банк коронавирус менен күрөшкө 12 миллиард доллар бөлөт
Коронавирус кимдерге коркунуч жаратпайт. Окумуштуулардын пикири
Белгилер:
коронавирус, күркө, соода, базар

ЭҢ МААНИЛҮҮ