БУУ Кыргызстанда жарадар болгон илбирске жардам бермей болду

© Фото / пресс-служба ГАООС и ЛХЖарадар болгон Жаабарс аттуу илбирс. Архив
Жарадар болгон Жаабарс аттуу илбирс. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда жаныбар "Бугу-Эне" коомдук фондунун камкордугуна алынган. Жаныбарды фонддун башчысы Салтанат Сеитова багып жатат.

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү жарадар болгон Жаабарс аттуу барска жардам берүү үчүн донорлордун көңүлүн бурат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине өкүлчүлүктөн билдиришти.

Жырткычты Талас облусунан Бишкекке 10-январда алып келишкен. Рентген анын денесинен, башынан чачма октор бар экенин аныктап, борбор калаага жеткирилгенден кийин жаныбарга ветеринарлар операция кылышкан. Анда жырткычтын оң көзүнүн кареги жарадар болгонго чейин эле соолуп калганы анык болгон. Ал эми экинчи көзү адамдар кол салганда жабыркаган. Жаныбарга Жаабарс деген ысым ыйгарышкан.

"Биз ар кайсы мамлекеттердин элчилерин, ишкерлерди жана белгилүү адамдарды чакырып, жарадар барска барып келели деп жатабыз. Мындай жол менен барска жардам берип, андан тышкары, жаныбарларды коргоо көйгөйүнө көңүл бурдурууну көздөйбүз. БУУ системасынын Кыргызстандагы координатору Озонния Ожиело делегаттар менен биргеликте жаныбарга 6-мартта барууну пландоодо", — дешти өкүлчүлүктөн.

Учурда жаныбар "Бугу-Эне" коомдук фондунун камкордугуна алынган.

 

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0