15:22 06 Теке 2020
Түз эфир
  • USD77.1102
  • EUR86.6140
  • RUB1.0938
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы (106)
181 0 0

Президент Сооронбай Жээнбеков согуштун ардагерлерине бир жолку төлөмдөр жөнүндө Жарлыкка кол койгон.

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бир жолу төлөнүүчү жардам катары 75 миң сомдон бөлүнөт. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, президент Сооронбай Жээнбеков Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бир жолку төлөмдөр жөнүндө Жарлыкка кол койгон.

Ага ылайык, ар бир ардагерге бир жолку төлөнүүчү акчалай жөлөк пул катары 75 миң сомдон бөлүнөт.

Азыркы тапта өлкөдө Улуу Ата Мекендик согуштун 251 ардагери жашайт. Алардын ичинен 65и — согуштун майыптары, 153ү — согуштун катышуучулары, 15и — экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде фашисттер жана алардын союздаштары түзгөн концлагерлерде, мажбурлап кармоо жайларында жашы жетелек кезинде туткун болгон адамдар. 18и — 1941-1944-жылга чейин Ленинград шаарындагы ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда иштеген, ал эмгеги үчүн сыйланган адамдар.

Президенттин маалымат кызматы 2010-жылдын 1-январынан тартып Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жеңилдиктердин ордуна ай сайын 7000 сомдон акчалай компенсация берилип келерин айтты. Мындан сырткары, президенттин өмүр бою берилчү 10 000 сом өлчөмүндөгү стипендиясы төлөнөрү, ардагерлер ай сайын пенсия да алышары кошумчаланды.

 

Тема:
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы (106)

Тема боюнча

Кыргызстанда "Өлбөс полк" акциясына даярдыктар башталды
Москвадагы Жеңиш парадына Кыргызстандан канча ардагер барат. Элчинин жообу
Белгилер:
компенсация, президент, Улуу Ата Мекендик согуш

ЭҢ МААНИЛҮҮ