БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Вице-спикер Аида Касымалиева 30-40 жыл иштеген мугалимдер пенсияга чыккандан кийин 2000-3000 сом алып каларын айтып арызданып жатышканын билдирди.
Мындан улам ал парламенттин жалпы жыйынында мугалимдерге пенсия чегерүү кандай форматта жүргүзүлөрүн Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Эсен Нурдиновдон сурады.
"Алар Соцфондго канча камсыздандыруу взносун төлөсө, ошонун негизинде чегерилет. Мурда мугалимдердин айлыгы аз болгону үчүн азыраак чыгып жаткан. Азыр айлыктары көтөрүлүп калды, жакшы пенсия алат деген ойдобуз", — деди аткаминер.
Андан соң Касымалиева: "Алдыда мугалимдердин пенсиясын жакшыртуу боюнча планыңар барбы?" - деп сурап, "жок" деген жооп алды.
Кийин вице-спикер мугалимдердин пенсиясын эмгек тажрыйбасына карап көбөйтүү боюнча мыйзам долбоору биринчи окуудан өткөнүн айтып, ал тууралуу пикирин билүүгө кызыкты.
Буга ачууланган Касымалиева: "Биринчи окуудан өткөн деп айттым го, келген эмес дебей, билбей жатам дебейсизби, мага комментарий бербеңиз. Акыл үйрөтпөстөн так суроого так жооп бериңиз", - деп какты.
Учурда папрламентте "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө", "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" мыйзамдарына жана Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору каралып жатат.