Кыргызстандын жарандыгынан 964 киши баш тартты

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын жарандыгын алуу жана андан чыгуу
Кыргызстандын жарандыгын алуу жана андан чыгуу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
1776 жаңы жарандын 330ун балдар түзөт. Ал эми жарандыктан баш тарткан 964 кишинин 217си балдар. Эки Жарлыкка президент кол койду.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын жарандыгын алуу жана андан чыгуу жөнүндөгү Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Жарлыкка ылайык, КР жарандыгын 1776 адам кабыл алган (1446 чоң киши жана 330 бала), көп бөлүгүн тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар түзөт.

Экинчи Жарлыктын негизинде 964 адам КР жарандыгынан баш тарткан (747 чоң киши жана 217 бала).

Жаңылыктар түрмөгү
0