Экс-депутат Каныбек Осмоналиев УКМКнын тергөө абагына киргизилди

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкекте өткөн митингдин уюштуруучусу, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Каныбек Осмоналиев
Бишкекте өткөн митингдин уюштуруучусу, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Каныбек Осмоналиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нааразычылык акциясынын уюштуруучусу митинг учурунда бийликти күч менен басып алууга ниеттенген деп шектелүүдө.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Бишкекте өткөн митингдин уюштуруучусу, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Каныбек Осмоналиев камакка алынды, эми сот баш коргоо чарасын тандайт. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдирди.

Осмоналиев менен бирге Д.А. аттуу адам да кармалган. Экөө бийликти күч менен басып алууга ниеттенген деп шектелүүдө.

Баштапкы тергөө иштери уланып жатат. Шектүүлөр УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайында кармалууда. Буга чейин УКМКга Садыр Жапаровдун бир тууганы Сабыр Жапаровдун алып келингени кабарланган болчу.

Жапаровду колдогондордун кууп таратылган митинги

Садыр Жапаровдун тарапташтарынын Бишкектеги митинги - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги митингди таратууда 166 адам кармалып, анын төртөө камалды
2020-жылдын 2-мартында Бишкек шаарынын чок ортосунда экс-депутат Садыр Жапаровдун боштондугун талап кылган митинг өткөн. Саат 10дордон тарта эле чекесинен чогулуп отуруп, митинг 13:00 чамасында башталган. Анда чыгып сүйлөгөндөр саясатчыны бошотуу талабынан сырткары бийликти сындаган пикирлерин айткан. Алардын ичинен 10 кишиден турган топ президент Сооронбай Жээнбековго жолугуу үчүн барып, бирок аппараттын кызматкери менен жолугуп кайра келген. Аппараттын өкүлү маселе үч күндө каралып, өлкө башчы менен жолугуу боюнча чечим кабыл алынарын айткан.

Ал арада чогулган элдин бир тобу кээ бир уюштуруучулардын кебине кулак салбай Ак үйдү көздөй жөнөгөн. Ал жерден милиция менен тирешип калган. Бирок милиция демонстранттарды "Ала-Тоодон" басымы жогору суу, жаш агызуучу газ колдонуп сүрүп чыгарган. Эл каршылык көрсөткөнү менен күчү жетпей качып жөнөгөн. Алардын кээ бирлерин милиция кармап кеткен. Ал эми митингдин уюштуруучулары болгон Садыр Жапаровдун агасы Сабыр Жапаровду, Каныбек Осмоналиевди жана Амангелди Артыковду УКМК кармаган.

Митингчилер кантип кууп таратылганы Sputnik Кыргызстандын тексттик трансляциясында кеңири баяндалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0