10:26 30 Бугу 2020
Түз эфир
  • USD73.7678
  • EUR82.0114
  • RUB1.0426
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Ак жарык (22)
527 0 0

Адамдын көңүлү — гүл. Жылт эткен жарык, жакшы көз караш, жагымдуу сөз маанай көтөрүп, ал тургай бир нече күн жүрөктү жылуулук аралап жүрөт.

Sputnik агенттиги бул жолу Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын студенттери жана окуу жайдын мугалими Нурида Касымбекованын жакшы ишке себепкер болгонун сиздер менен бөлүшкүсү келет.

Аталган окуу жайда билим алган студенттердин Бишкектеги Улуттук онкология борборунун балдар онкологиясы бөлүмүндө дарыланып жаткан бөбөктөрдүн, алардын ата-энелеринин азабын аз да болсо жеңилдетүү максатында кайрымдуулук иш-чарасын уюштурушканын угуп, жүрөк кубанды.

Бул жактагы наристелер турмуштун кыйын сыноосуна кабылып турган чагы. Ал эми мындай балдардын ата-энелеринин азабын айтпасак да белгилүү. Булардын кудайдан күнү-түнү жалынып-жалбарып сураганы — чүрпөсүнүн сакайып кетиши, амандыгы.

Студенттер окутуучусу Нурида Касымбекованын демилгеси менен окуу жайдын имаратында өз колдору менен тамак-аштарды жасап келип, жарманке өткөрүшкөн. Андан тышкары, ар бир студент мүмкүнчүлүгүнө жараша акча чогултуп, кайрымдуулук акциясын башташкан.

Аталган иш-чарадан 110 миң сом чогулган. Ал акчаны алган демилгечилер түз эле ректоратка кайрылып, "ата-энелерге кандай жардам кылсак жеңилин жерден алган болобуз?" деп сурап, билип берүүсүн өтүнүшөт.

Учурда балдардын онкологиялык бөлүмүндө инфузомат жабдыгы жетишсиз болуп, мунун аркасынан ата-энелер кезекке туруп, балдар убагында химиялык дарылануусун алалбай жатышканы белгилүү болот.

Баасы 35 миң сом турган инфузомат аппаратын химиялык дарылоо учурунда бейтаптын эки колуна тең коюу керек. Ошондо бир бейтапка эки жабдык керектелет экен.

Студенттер 110 миң сомго үч жабдык алып берип, ата-энелердин ыраазычылыгын алышкан.

Бул иштин сүйүнтчү дагы бир жери — кайрымдуулукту студенттердин жасаганында. Улан-кыздардын капчыгы жука болсо да жүрөгү кенен болгонун белгилегим келип турат. Алгылыктуу ишке жол көрсөткөн, жакшылыктын көзүн ачып берген мугалимдер көп болсо, келечек жаштарына үмүт артыла берери анык иш.

Жарыгыбызды чача жүрөлү...

Тема:
Ак жарык (22)

Тема боюнча

Эне менен балдарды бириктирген тигүү машинасы. Айзатка тийген ак жарык
Жаман тамда калган жесир келин. Айылдаштардын ак жарыгы
Белгилер:
аппарат, студенттер, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы, балдар, онкология

ЭҢ МААНИЛҮҮ