Мэрия: митингден кийин "Ала-Тоо" аянтынан бир тоннага жакын таштанды чыкты

© пресс-служба мэрии города БишкекМитингден кийин "Ала-Тоо" аянтынан бир тоннага жакын таштанды чыкты
Митингден кийин Ала-Тоо аянтынан бир тоннага жакын таштанды чыкты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечке жуук күч органдары митингчилерди Бишкектин борбордук бөлүгүнөн сүрүп чыгарып жатканда митингчилер аларды көздөй таш ыргытып, таштанды челектерине өрт коюшту.

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. "Тазалык" муниципалдык кызматынын өкүлдөрү жаңы эле "Ала-Тоо" аянтын тазалап бүтүштү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Митинг сторонников Садыра Жапарова у здания ГКНБ в Бишкеке  - Sputnik Кыргызстан
Эсибиз барда этегибизди жабалы. ИИМ митинг боюнча эскертүү берди
Маалыматка караганда, аянтка 23 кызматкер жана эки атайын техника тартылган. Натыйжада бир тоннага жакын таштанды чыгарылган.

Эске салсак, бүгүн, 2-мартта, саат 11:00дөр чамасында Бишкекте Садыр Жапаровду абактан чыгарууну талап кылып 1000ден ашык адам митингге чыкты.

Кечке жуук күч органдары митингчилерди Бишкектин борбордук бөлүгүнөн сүрүп чыгарып жатканда митингчилер аларды көздөй таш ыргытып, таштанды челектерине өрт коюшту. Кийин милиционерлер 100дөй адамды колго түшүрдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0