Эртең Бишкектин 26 көчөсүндө жарык өчөт. Тизме

© AFP / JOEL SAGETЭлектр лампасы. Архив
Электр лампасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атайын бригада трансформаторлорду карап, түркүктөрдү алмаштырып, оңдоо иштерин аткарат. Буга байланыштуу борбор калаанын ар кайсы тарабында жарык өчүрүлөт.

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Бишкекте 3-март күнү 26 көчөдө жарык жок болот. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ишканасынан кабарлашты.

Бул күнү трансформаторлорду карап, түркүктөрдү алмаштырып жана башка оңдоо иштерин аткарышат.

Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:

  • 09:00-17:00 — Чехов, Медеров, Гастелло, Ашхабад, Белорусский (№2/2) көчөлөрүнүн бир бөлүгү, Асанбай кичи району (№14 жана 19 үйлөр);
  • 09:00-18:00 — Гагарин, Ак-Чөлмөк, Ленинград, Эркиндик жана Магаданский көчөлөрүнүн бир бөлүгү;
  • 09:30-12:00 — 6-кичи район (№9/1, 10/1, 11/1, 12/1, 13/1, 14/1, 15/1);
  • 09:30-17:00 — Чүй проспектиси (№178) менен Карасаев көчөсүнүн бир бөлүгү, Береговой, Гранитный, Рыбинский туюк көчөлөрү, Волковский, Курманжан датка, Парк көчөсүнүн бир бөлүгү;
  • 09:30-18:00 — Бөкөнбаев (№152, 152Б, 154, 158) менен Исанов (№5 турак үй) көчөлөрүнүн бир бөлүгү, Ак-Өргө (Саадак, Камбаркан, Кырк чоро, Алыкулов көчөлөрү) конушу;
  • 10:00-18:00 — Рухий Мурас конушу менен Туңгуч кийи району;
  • 11:00-15:00 — Радищев көчөсүнүн бир бөлүгү.
Жаңылыктар түрмөгү
0