Жаз менен кошо башталган митингдин асмандан көрүнүшү. Фотофакт

Жазылуу
Бишкекте митинг өтүп жатат. "Ала-Тоо" аянтына 1000ге чукул адам топтолду. Алар саясатчы Садыр Жапаровду абактан чыгаруу талабын коюп жатышат.

Жапаров 2017-жылы камакка алынган. Ал соттун чечими менен 10 жылга кесилген болчу.

© Sputnik Кыргызстан, Sputnik / Акылбек БатырбековБишкекте митинг өтүп жатат.
Жаз менен кошо башталган митингдин асмандан көрүнүшү. Фотофакт - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте митинг өтүп жатат.

Буга чейин акцияга катышкандардын бири Бакай Кашкарбаев митингчилердин бир катар талаптарын санап берген: 

  • Амнистия колдонуу менен Садыр Жапаровду бошотуу;
  • Сапаттуу соттук реформа жүргүзүү;
  • Насыяларды жеткиликтүү кылуу;
  • Чек ара маселесин чечүү;
  • Коронавирустун алдын алуу чараларын күчөтүү.
© Sputnik Кыргызстан, Sputnik / Эмиль Садыров"Ала-Тоо" аянтына 1000ге чукул адам топтолду.
Жаз менен кошо башталган митингдин асмандан көрүнүшү. Фотофакт - Sputnik Кыргызстан
"Ала-Тоо" аянтына 1000ге чукул адам топтолду.

Кийинчерээк президенттин аппаратынын өкүлү митингчилер менен жолугушту. Садыр Жапаровдун агасы Сабыр Жапаровдун айтымында, аткаминерлер үч күндүн ичинде митингчилердин өкүлдөрү менен Сооронбай Жээнбековду жолугуштурууга аракет кылмай болду. Анткен менен акцияга келгендердин бардыгы буга макул болбой аянттан кетпей жатышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0