"Ала-Тоо" аянтында митинг башталды. Сүрөт

© Sputnik / Эламан КарымшаковМитинг на площади Ала-Тоо в поддержку Садыра Жапарова в Бишкеке
Митинг на площади Ала-Тоо в поддержку Садыра Жапарова в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экс-депутат Садыр Жапаров 2013-жылы октябрда Кумтөр маселесине байланыштуу Караколдо болгон митингде ошол кездеги Ысык-Көлдүн губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алууну уюштурган деп айыпталып, 10 жылга кесилген.

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Борбор калаанын "Ала-Тоо" аянтында митинг башталды.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысынын айтымында, аянтка 100дөн ашык адам чогулган. Улам адамдардын кошулуп жатканы айтылды.

Буга чейин башкы аянтта Садыр Жапаровдун тарапташтарынын митинги болору кабарланган болчу.

Эске салсак, өткөн жумада интернетте 20га чукул автоунаага желек байлап, Ысык-Көл облусунун көчөсү менен келе жаткан адамдардын видеосу тараган. Алардын айтымында, топ Садыр Жапаровду колдоо максатында Тоң районунан Бишкекке тынчтык акциясына катышуу үчүн жолго чыгышкан.

Мындан тышкары, соцтармактын Бишкектеги колдонуучулары жакында эле "жергиликтүү милиция кызматкерлери шаардыктардан митингге чыгасыңарбы деп сурап жатат" деген билдирүүлөрүн жазышкан.

Митинг сторонников Садыра Жапарова у здания ГКНБ в Бишкеке  - Sputnik Кыргызстан
Эсибиз барда этегибизди жабалы. ИИМ митинг боюнча эскертүү берди
Эске салсак, экс-депутат Садыр Жапаров 2013-жылы октябрда Кумтөр маселесине байланыштуу Караколдо болгон митингде ошол кездеги Ысык-Көлдүн губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алууну уюштурган деп айыпталып, 10 жылга кесилген.

Жапаров өткөн жылдын октябрь айында президент Сооронбай Жээнбековго ырайым сурап кайрылган. Өлкө башчы жыл жыйынтыктаган маалымат жыйынында бул маселе каралып жатканын айткан болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0