Эсибиз барда этегибизди жабалы. ИИМ митинг боюнча эскертүү берди

© Sputnik / Табылды КадырбековМитинг сторонников Садыра Жапарова у здания ГКНБ в Бишкеке
Митинг сторонников Садыра Жапарова у здания ГКНБ в Бишкеке  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ИИМ митингде тартип бузгандарга катуу чара көрүлөрүн айтып, коомдук коопсуздукту сактоо боюнча иш-чаралардын планы иштелип чыкканын билдирди.

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Кыргызстанда абалды туруксуздаштырууга аракет жасагандарга мыйзамдын негизинде катуу чаралар көрүлүп, күнөөлүүлөр жоопкерчиликке тартылат. Бул туурасында Ички иштер министрлиги тараткан билдирүүдө айтылды.

Маалыматка ылайык, учурда кылмыштуулуктун алдын алууга, коомдук тартипти камсыз кылууга жана өлкөдөгү коомдук-саясий туруктуулукту сактоого багытталган аракеттер жүрүп жатат.

"Ички иштер министрлиги абалды курчутууга жол бербейт. Биз тараптан коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыздоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлөт. Ыкчам штаб түзүлүп, иш-чаралардын планы иштелип чыкты. ИИМ жеке жана юридикалык жактарды митинг өткөрүүдө мыйзамдуулукту сактоого чакырат. Ар кандай акцияларды мыйзам чегинде өткөрүү керек деп эсептейбиз, демократия менен берилген эркиндикти аша чаап колдонууга болбойт. Укукка жат иш-аракеттер мамлекетке жана коомго терс таасирин тийгизип гана койбостон, республиканын башка жарандарынын коопсуздугуна дагы коркунуч жаратат", — деп эскертет ИИМ.

Ошондой эле ар бир укук бузуу боюнча жооп берүү мыйзам актыларында ачык жана так жазылганы белгиленет.

Митинг против незаконной миграции на площади Ала-Тоо в Бишкеке  - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте 2-мартта эмне митинг болот? Мэриянын жообу
"ИИМ бардыгына бирдей мамиле кылат жана саясий маселелерге катышпайт. Ошол эле мезгилде мыйзам бузгандарга кескин чараларды көрөт. Эсибиз барда этегибизди жабуу керек, жалган маалымат таратуу менен кыргыз жергесинде жашаган бардык жарандарыбыздын коопсуздугуна шек келтирип жатасыздар. Ички иштер министрлиги коомчулукту туруксуздаштыруу боюнча чагымчыл жана башка жалган материалдарды таратуу үчүн мыйзамга ылайык кылмыш жоопкерчилиги каралгандыгын дагы бир жолу эскертет", — деп жазылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, интернетте 2-мартта абактагы экс-депутат Садыр Жапаровду колдогон митингден сырткары башка да нааразычылык акциялары өтөт деген маалыматтар тароодо.

Жаңылыктар түрмөгү
0