"Тулпар" картасын колдонууда көйгөй жаралса каякка кайрылуу керек. Жолдору

© пресс-служба мэрии города БишкекДемонстрация платных карт "Тулпар" мэрией Бишкека
Демонстрация платных карт Тулпар мэрией Бишкека  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жүргүнчүлөрдү автобус менен троллейбустарга карта менен киргизген "Тулпар" долбоорунун сайтында байланыш номер, электрондук дарек жана мессенджерлердеги тайпалар көрсөтүлдү.

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Бишкекте кечээги күндөн тарта "Тулпар" электрондук төлөм системасы толук кандуу иштеп баштады. Эми жүргүнчүлөр автобус менен троллейбустарга киргенде жол кирени акчалай эмес, карта аркылуу төлөшү керек.

Картанын баасы — 50 сом. Аны "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын бөлүмдөрүнөн, мобилдик операторлордун сатуу пункттарынан, ошондой эле автобус менен троллейбустун айдоочуларынан алууга болот.

Volgabus компаниянын заводунда Электробус - Sputnik Кыргызстан
Бишкек мэриясы 50 млн. долларга автобус алууну пландап жатат
Акысыз кызыл карта пенсионерлерге, почтальондорго жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерге берилет. Ал эми окуучуларга ылайыкталган 50 сомдук жашыл картаны биринчи колдонгондорго бекер. Бир айда 175 сом коройт. Жалпы жарандар үчүн көк түстөгү картанын баасы дагы 50 сом. Анын дагы биринчи колдонуусу акысыз. Андан кийин картаны толуктап туруу керек. Бир айга 495 сом кетет.

Sputnik агенттиги картага байланышкан суроолор болсо жарандар кайда кайрылышы керектигин билди. "Тулпар" бирдиктүү төлөм картасынын сайтында байланыш жолдору көрсөтүлгөн.

  • Telegram тайпасы;
  • WhatsApp группасы;
  • feedback@tulpar-card.kg электондук дареги;
  • 0312 582 000 байланыш номери.

Учурда автобус менен троллейбустардын ичинде "Тулпар" долбоорунун консультанттары иш алып барууда. Алардын системанын ишине байкоо салып, эгерде шаардыктарда жол кире акысын төлөө боюнча көйгөйлөр жаралса, жардам берери айтылды. Консультанттар 7:00дөн 11:00гө чейин жана 15:00дөн 21:00гө чейин кызмат көрсөтмөкчү.

Жаңылыктар түрмөгү
0