Динчилдер да аялдарынын төрөтүн мага табышташат. Акушер-гинеколог жигиттин баяны

© Sputnik / Жоомарт УраимовАкушер-гинеколог Эрбол Эсеналиев
Акушер-гинеколог Эрбол Эсеналиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акушер-гинеколог Эрбол Эсеналиевди редакциябызга чакырып, ыңгайсыз суроолорду жаадырдык. Дарыгер уялса дагы баарына ачык жооп берүүгө тырышты.

Акушер-гинеколог Эрбол Эсеналиев төрөтканада иштөөнүн машакатын айтып берди. Ошентсе да өз ишин сүйүп аткарарын жашырган жок.

— Жигиттер гинекологияга эмнеге барары туурасындагы азил-тамашаларды көп уксаңыз керек...

— Айрымдар тамашалагысы келет, бирок көп учурда эл абдан сый мамиле кылат. Врач баары бир врач эмеспи.

— Бейтаптар сизди көрүп тартынышпайбы?

— Кээде жаман ойдо болушат, себеби арасында динге терең берилгендер бар эмеспи. Көбүнесе аларды текшерүү үчүн жолдошторунан уруксат алууга туура келет. Көп учурда түшүнүү менен карашат. Мага молдолордун жубайлары да кайрылып, көз жарышкан. Бири дагы менин ишиме тоскоол болгон эмес. 

© Sputnik / Жоомарт УраимовЭрбол Эсеналиев: көп учурда эл абдан сый мамиле кылат. Врач баары бир врач эмеспи.
Динчилдер да аялдарынын төрөтүн мага табышташат. Акушер-гинеколог жигиттин баяны - Sputnik Кыргызстан
Эрбол Эсеналиев: көп учурда эл абдан сый мамиле кылат. Врач баары бир врач эмеспи.

— Иште баарын көрүп алып, кийин жеке жашооңузда көйгөйлөр жаралат деп чочулаган эмес белеңиз?

— Менимче, жетиле элек адамдар же өз кесибинин олуттуулугун толук аңдай албаган студенттер коркушса керек. Айымдар мага аларга карап коюу үчүн эмес, жардам сурап кайрылышат. Алар — мен үчүн аял эмес, биринчи кезекте бейтаптар. Иш деген иш, жеке жашоонун буга эмне байланышы бар?

— Жийиркенчээкмин дей аласызбы өзүңүздү?

— Мурда ошондой болчумун, иш мени өзгөрттү. Ооба, жытты жакшы сезем, бирок бейтаптардан эч качан жийиркенген эмесмин. Төрөт маалында эмне болсо да ымыркайдын бул жарыкка таптаза шартта келишин камсыздоо үчүн болушунча аракет кылабыз.

Кыргызстандык кыз-келиндердин көбү жеке тазалыгына көңүл бөлбөгөнү өзүнчө кеп. Айрымдар өзүн таза алып жүрүүнү да билишпейт экен. Мындан улам сезгенип, кош бойлуулук жана төрөт кыйындайт. 

© Sputnik / Жоомарт УраимовЭрбол Эсеналиев: Төрөт маалында эмне болсо да ымыркайдын бул жарыкка таптаза шартта келишин камсыздоо үчүн болушунча аракет кылабыз.
Динчилдер да аялдарынын төрөтүн мага табышташат. Акушер-гинеколог жигиттин баяны - Sputnik Кыргызстан
Эрбол Эсеналиев: Төрөт маалында эмне болсо да ымыркайдын бул жарыкка таптаза шартта келишин камсыздоо үчүн болушунча аракет кылабыз.

— Өнөктөштүк төрөт ушул тапта кеңири жайылып барат. Бул эркектерге негизи кандай таасир берет?

— Жолдошу гана эмес, көз жарып жаткан айымдын апасы, кайненеси да кире алат... Эгер чынын айтсам, төрөткө кошо кирген эркектерге боорум ачыйт. Алар себеби өз үй-бүлөсүн камкордукка алып көнүп калышкан да, ал эми төрөт маалында аялы азап тартып турганын көрүп, колунан кармай соороткондон бөлөк эч көмөк көрсөтө алышпайт.

— Кандай учур дегеле эсиңизден кетпейт?

— Адатта эң татаал учурлар эстен чыкпайт. Мисалы, жакында бизге түйүлдүктүн чел кабыгы таптакыр ылдый жайгашкан бир айым кайрылды. Башкача айтканда, баланы азыктандырып турган плацента жатын моюнчасын, төрөт каналдарын бүтөп калат. Албетте, мындай учурда ымыркай табигый жол менен жарыкка келе албайт, эне кесарево ыкмасы менен көз жарат. 

© Sputnik / Жоомарт УраимовАкушер-гинеколог: чынын айтсам, төрөткө кошо кирген эркектерге боорум ачыйт. Алар себеби өз үй-бүлөсүн камкордукка алып көнүп калышкан да, ал эми төрөт маалында аялы азап тартып турганын көрүп, колунан кармай соороткондон бөлөк эч көмөк көрсөтө алышпайт.
Динчилдер да аялдарынын төрөтүн мага табышташат. Акушер-гинеколог жигиттин баяны - Sputnik Кыргызстан
Акушер-гинеколог: чынын айтсам, төрөткө кошо кирген эркектерге боорум ачыйт. Алар себеби өз үй-бүлөсүн камкордукка алып көнүп калышкан да, ал эми төрөт маалында аялы азап тартып турганын көрүп, колунан кармай соороткондон бөлөк эч көмөк көрсөтө алышпайт.

— Коркунучтуу деле угулбайт го...

Врач-гинеколог Айсулуу Абдиева - Sputnik Кыргызстан
Төрөттөн коркуп арак ичип алган келинди сактай албай калдык. Гинекологдун маеги
— Аныгында бул өтө оор, тобокелдиги чоң операция. Табарсык жакын жайгашкан, ошондуктан операция маалында кан тамыр боюнча хирург, уролог да болот, алар бир нерсе болуп кетсе, сөзсүз кийлигишет. Мындан тышкары, бейтап баарын туюп-билип турат. Эгер эне кокус катуу кайгырып кирсе, операция кыйла татаалдайт, себеби жүрөктүн кагышы ылдамдап, кан басымы жогорулайт. Эгер адатта кесарево бир саатка созулса, мындай учурда операция үч саат жасалат.

Мен кеп кылган бейтаптан кан катуу кете баштады, бул — эң кооптуу сезгенүү. Негизи мындай учурларда врач оор чечим кабыл алууга мажбур: бейтаптын өмүрүн сактап калуу үчүн жатынды алып салуу же аны да сактоого аракет кылуу... Аялдын органдарын бүтүн сактап калуу үчүн бир нече саат алыштык. Өткөндө эле көрдүм, чүрпөсүн бооруна кысып, сак-саламат, бактылуу жүрөт.

— Сиздин тыкыр көз салууңузда күнүнө канча айым эне болот?

— Ар кандай. 5-7 ымыркайды жарыкка алып келген күндөрүбүз болот, бир жолкусунда бир суткада 37 бала төрөлгөн! Төрөт көп болгон маал адатта көктөмгө туура келет. Себеби түшүнүктүү эмеспи, үйлөнүү үлпөттөрү көбүнесе күзүндө болот. 

© Sputnik / Жоомарт УраимовДарыгер: Төрөт көп болгон маал адатта көктөмгө туура келет. Себеби түшүнүктүү эмеспи, үйлөнүү үлпөттөрү көбүнесе күзүндө болот.
Динчилдер да аялдарынын төрөтүн мага табышташат. Акушер-гинеколог жигиттин баяны - Sputnik Кыргызстан
Дарыгер: Төрөт көп болгон маал адатта көктөмгө туура келет. Себеби түшүнүктүү эмеспи, үйлөнүү үлпөттөрү көбүнесе күзүндө болот.

— Ымыркайлар жарыкка келгенде көргөн биринчи киши сиз болот турбайсызбы...

— Ооба, алар менен дайым учурашам, сүйлөшөм. Алар бизге кулак салышат, бул сөз менен жеткире алгыс жагымдуу көз ирмем!

Врач Абдыракман Дүйшөбаевдин маегин да окуп чыгыңыз. Ал Кыргызстанда уникалдуу операцияларды жасаган жападан жалгыз врач.

Жаңылыктар түрмөгү
0