Аламүдүндүн "жашыл суусун" мэрия калп деди, эксперттер текшерип баштады

© AFP / PETRAS MALUKASЖашыл түскө боелгон дарыя. Архив
Жашыл түскө боелгон дарыя. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Суунун үлгүсүн эки лабораториядан текшеришет. Тиешелүү ведомстводон анын жыйынтыгы келерки аптада белгилүү болорун айтышты.

БИШКЕК, 29-фев. — Sputnik. Аламүдүн суусунун жашыл түскө боёлуп калышын текшерүү боюнча атайын комиссия түзүлгөндүгүн Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Эске салсак, буга чейин интернет колдонуучулар Аламүдүн дарыясынын суусу жашыл түскө боёлгонун айтып, видеосун таратышкан эле.

Окуя болгон жерде ӨКМдин, Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба боюнча мамлекеттик агенттиктин жана Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын өкүлдөрү иштеп жатканы кабарланды.

"Учурда суунун үлгүсү алынды жана ал Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба боюнча мамлекеттик агенттик менен Санитардык эпидемиологиялык көзөмөл жана ооруларды алдын алуу департаментинин эки лабораториясынан текшеришет. Адатта бул 10 күнгө созулат, бирок бул сапар аны тез арада чыгаруу каралууда", — деп айтышты маалымат кызматынан.

Ал арада Бишкек шаарынын мэриясынан Аламүдүн дарыясынын суусу жашыл түскө боёлду деген маалымат жалган, суунун түсү өзүнүн кадимки калыбында деген маалымат таратышты.

Жогорку Кеңештин депутаты Мыктыбек Абдылдаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Суу сатып жатасыңар, дыйкандарга жетпей калууда! Абдылдаев өкмөткө доо койду
Мэриядан бул аймак Аламүдүн суусунун Дордой жана Энесай конуштарынын ортосунан агып өткөн жери экендигин айтышты.

"Ал жердеги Турак жай ээлеринин коомчулугунун, кварталдын, үй комитеттеринин башчылары жана конуштун жашоочулары дарыянын суусу кадимки калыбында эле түссүз экендигин айтышты. Алар жашыл түстү көргөн эмес. Аталган райондун акими Мурат Осмоновдун айтымында, суунун өңү таза, жашыл суу боюнча айтылган маалымат чындыкка дал келбейт", — деп жазылган мэрия тараткан маалыматта.

Бул маалымат соцтармакка тарап, учурда ар кыл талкууларды пайда кылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0