Эки миң долларлык эмгегим Европада 38 миң еврого сатылыптыр. Сүрөтчү менен маек

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандык сүрөтчү Владимир Горовой
Кыргызстандык сүрөтчү Владимир Горовой - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Владимир Горовой узак жылдан бери сүрөтчүлүк менен алектенип келет. Анын эмгектерин Владимир Путин, Нурсултан Назарбаев, Елизавета II белек катары алган.

КРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмер тактайга экинчи өмүр берип, интарсия ыкмасы менен кымбат баалуу сүрөттөрдү жаратып келет.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы менен маектешкен сүрөтчү дарак, карагайдын жөнөкөй кесиндилерин пайдаланып сыясыз эле укмуш чыгармаларды жаратууга мүмкүн экендигин айтып берди.

© Sputnik / Табылды КадырбековВладимир Горовой узак жылдан бери сүрөтчүлүк менен алектенип келет
Эки миң долларлык эмгегим Европада 38 миң еврого сатылыптыр. Сүрөтчү  менен маек - Sputnik Кыргызстан
Владимир Горовой узак жылдан бери сүрөтчүлүк менен алектенип келет

— Канча жылдан бери сүрөтчүлүк менен алектенесиз, анан эмнеге интарсияга ыктагансыз?

— Буга чейин 26 жылдай Кыргызстандагы Сүрөтчүлөр союзунун көркөм фондунда эмгектенгем. Ал жердеги кесиптештерден көп нерсени үйрөнүп, тактай менен иштеп калгам. Союз тарап кеткенден кийин интерьер менен алектенип, жумушсуз калган кесиптештерим менен устакана ачып иш баштаганбыз. Бирок бут тосуулардан улам жумуштан айдалып, устаканабызды жаап салып 18 жылдан бери эмгек китепчем колума тийбей келет. Мына 72 жашка чыгып пенсия ала албай жүрөм. Азыр интарсия ыкмасы менен өз алдымча иштеп, шакирттерим менен чыгармаларды жаратуудабыз. Бул өнөр — жөнөкөй эле ичке тактайларды пайдаланып, эч бир сыя колдонбостон табигый өңдөр менен сүрөт тартуу. Бир эле сүрөттү тартууга бир нече жума талап кылынат. Анткени анын ар бир бөлүгүн кесип, кынаптап чогултушуң керек.

— Жакынкы аралыкта кандай көргөзмөлөрдү өткөрүүнү пландап жатасыз?

— Акыркы сегиз жылдан бери республика боюнча 140 көчмө көргөзмөнү уюштурдум. Эки жылдан бери белгилүү сүрөтчү Теодор Герцендин "Манас" эпосу боюнча мыкты сүрөттөрүн интарсия ыкмасы менен жасап жатам. 38 сүрөттү бүтүрдүм, жалпы 40 сүрөт жана залкар манасчы Сагынбай Орозбаков менен Саякбай Каралаевдин портреттерин даярдашым керек. Буюрса, мыкты экспозиция болуп, күзүндө коомчулуктун назарына сунуштайбыз. Анын алкактарын даярдоого эле 330 миң сом керектелет экен. Ал каражаттарды табуу үчүн дагы иштеп сүрөттөрдү сатуу зарыл.

© Sputnik / Табылды КадырбековКРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмер тактайга экинчи өмүр берип, интарсия ыкмасы менен кымбат баалуу сүрөттөрдү жаратып келет
Эки миң долларлык эмгегим Европада 38 миң еврого сатылыптыр. Сүрөтчү  менен маек - Sputnik Кыргызстан
КРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмер тактайга экинчи өмүр берип, интарсия ыкмасы менен кымбат баалуу сүрөттөрдү жаратып келет

— Сиздин жолуңузду жолдогон шакирттериңиздер көп эле болсо керек?

— Ооба, көп эле. Алардын айрымдары жогорку окуу жайды аяктап балдарга сабак бере башташса, дагы бири үй шартында устаканаларды ачып иштөөдө. Шакирттеримдин эмгектери да көргөзмөлөргө коюлуп жатат. Андан сырткары, Россиянын Калининград, Владивосток шаарында иштеп жаткан окуучуларым да бар. Акырындык менен интарсия өнөрү жайылып жатат, аны көрүп мен да кубанып калам.

— Өзүңүз түрдүү көрсөтмөлөрдү уюштуруп, ошол эле маалда чыгармачылык менен алектенип шакирттерди тарбиялайт экенсиз. Убакытты кантип туура бөлүштүрүп,  бардыгына жетишесиз?

— Менин эки устаканам бар, бири шаардын четинде, экинчиси  — үйдө. Үй шартында сүрөт тартсам, экинчи устаканада кадимкидей эле иштейм, тагыраагы эртең менен саат 08.15 жумушта болуп калам. Саат 16.40 чамасында коомдук транспортко отуруп үйгө келип, тамактанып алып түн ортосуна чейин кайра иштейм. Бул менин сүйүп алектенген ишим жана жашоом.

© Sputnik / Табылды КадырбековСүрөтчүнүн эмгектерин Владимир Путин, Нурсултан Назарбаев, Елизавета II белек катары алган
Эки миң долларлык эмгегим Европада 38 миң еврого сатылыптыр. Сүрөтчү  менен маек - Sputnik Кыргызстан
Сүрөтчүнүн эмгектерин Владимир Путин, Нурсултан Назарбаев, Елизавета II белек катары алган

— Бизде өскөн кадимки карагай, дарактарды пайланып укмуш чыгармаларды жаратууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө мүмкүн экен да?

— Эгер мамлекеттик органдар бул өнөргө кызыгуусу пайда болсо, интарсия боюнча чакан мектеп же студия ачса болот. Себеби дүйнө жүзүндө мындай өнөрдү аркалагандар жокко эсе. Мисалы, өткөн жумада Швейцариядан 16 адам келип, биздин эмгектерди көрүп аябай таң калышып, Европанын бир да жеринде мындай өзгөчө ыкма менен сүрөт тартууну көрбөгөндөрүн айтышты. Биз эгер атайын галерея ачып койсок деле чет элдиктердин арты суюлбайт эле. Буга чейин  бир чет элдик эки сүрөтүмдү 2000 доллардан сатып алып кеткен. Кийин ага мен Германиядан кезигип калдым. Ошондо ал баягы сүрөттүн бирин 36 миң, экинчисин 58 миң еврого сатканын айтып калды. Кыскасы, бул — кирешелүү өнөр. Бийлик башындагылар маданиятка жакшы мамиле кылып колдоо көргөзсө, жакшы эле тыйын тапмакпыз. Мисалы, алар мага келип, "жакшы сүрөттөрүңөрдү даярдагыла, Европада көргөзмө уюштуруп, ошол жактан силердин эмгектериңерди сатууга көмөктөшөбүз" десе, биз кубануу менен иштешүүгө даяр элек. Ошондо биз дагы, мамлекет дагы киреше тапмак. Анткени биздей дүйнөдө жыгач колдонуп, өзгөчө ыкма менен сүрөт даярдагандар жок. Ал эми элчиликте, министрликте отургандар деги бир кыймылдап, өздөрүнүн ыйгарым укуктарын колдонуп чет жакта бир нерсе уюштургусу келбейт.

© Sputnik / Табылды КадырбековГоровой: эгер мамлекеттик органдар бул өнөргө кызыгуусу пайда болсо, интарсия боюнча чакан мектеп же студия ачса болот
Эки миң долларлык эмгегим Европада 38 миң еврого сатылыптыр. Сүрөтчү  менен маек - Sputnik Кыргызстан
Горовой: эгер мамлекеттик органдар бул өнөргө кызыгуусу пайда болсо, интарсия боюнча чакан мектеп же студия ачса болот

— Сиз Казакстанда төрөлүп, кийин Кыргызстанда жашап калган экенсиз. Чет өлкөгө жумушка чакырган учурлар болсо керек?

— Казакстандын Караганда облусунда туулгам. Кийин Канттагы аэродромго учак менен конуп, ошол кездеги Фрунзе шаарын көрүү мүмкүнчүлүгү түзүлүп калды. Борбор калаадан Улуттук көркөм өнөр окуу жайын көрүп, ал жакка тапшырып калдым. Кыргызстанда 50 жылдан бери жашап келем жана эч жакка кетким келбейт. Буга чейин Германия, Швейцарияда сүрөт тартуу боюнча мугалимдикти аркала, жакшы айлык беребиз деп сунуштаган, бирок макул болбой койгом.

— Сиздин эмгектериңизди мамлекет башчылары белекке алып, алар дүйнөнүн булуң-бурчундагы шаарларда илинип турганын уккан жайыбыз бар эле. Ушул чынбы?

— Ооба. Азыр менин эки сүрөтүм Кыргызстандын президентинин иш бөлмөсүндө, дагы экөө "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында илинип турат. Мындан сырткары, Россиянын президенти Владимир Путин, Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевде, Улуу Британиянын ханышасы Елизавета IIде бар. Кыскасы, менин сүрөттөрүм дүйнөнүн булуң-бурчуна тараган. Алардын көпчүлүгү кезинде жогорку даражадагы конокторго белек кылынган. Кийин алар өздөрү буюртма берип жасатып, даяр сүрөттөрдү сатып алып кетишкен. Азыр, кудайга шүгүр, токтобой эле иштеп жатабыз.

© Sputnik / Табылды КадырбековГоровой: Менин эки устаканам бар, бири шаардын четинде, экинчиси — үйдө. Үй шартында сүрөт тартсам, экинчи устаканада кадимкидей эле иштейм
Эки миң долларлык эмгегим Европада 38 миң еврого сатылыптыр. Сүрөтчү  менен маек - Sputnik Кыргызстан
Горовой: Менин эки устаканам бар, бири шаардын четинде, экинчиси — үйдө. Үй шартында сүрөт тартсам, экинчи устаканада кадимкидей эле иштейм

— Эмгек жолуңузда белгилүү режиссёр Болот Шамшиев менен да иштешип, тасма жаратууга катышып калган экенсиз. Кантип кино тармагына аралашып калдыңыз эле?

— Мага Болот Шамшиев өзү келип менин эмгектеримди көрүп жүргөнүн айтып, "Фудзиямадагы кадыр түн" тасмасына сүрөтчү-коюучу болуп берүүнү суранган. Мен болсо кино тармагында иштебегенимди айтып макул болбой койгом. Кийин жазуучу Чыңгыз Айтматов менен дагы келип жүрдү. Бир күнү режиссёр чыдамы кетип, тасманын сценарийин таштап, эртең таңга маал жообун бересиң деп кетип калган эле. Мен аны түнү менен окуп чыгып, айрым эпизоддорун тарта баштагам. Эртеси күнү режиссёр тарткандарымды көрүп жактырып, ошентип тасма тартууга даярдык көрүү башталган. Соңунда эки сериялуу кызыктуу тасма жаралды. Ал кезде Сүрөтчүлөрдүн көркөм фондунда иштечүмүн. Кийин эмгек жолумда кино тартуу тармагына жологон жокмун.

Жаңылыктар түрмөгү
0