Соцтармакка Аламүдүн дарыясы жашыл түскө боёлду делген видео тарады

© AFP / RHONA WISEПлотина Сент-Люси. Флорида
Плотина Сент-Люси. Флорида - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын адистери видео жазылманы изилдеп жатат.

БИШКЕК, 29-фев. — Sputnik. Интернет колдонуучулар Аламүдүн дарыясынын суусу жашыл түскө боёлгонун айтып, видеосун таратып жатышат.

Роликтин автору кадр бүгүн, 29-февралда, тартылганын айтууда.

"Аламүдүн дарыясы жашыл түскө боёлду. Бул Ала-Арчанын суусу. Мен "Дордой" аймагында турам. Бул химиябы же эмне, түшүндүрүп бергилечи", — деди автор.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция видеону изилдеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0