Мектепке электрондук каттоого 7000ден ашуун арыз түштү

© Sputnik / Михаил Фомичев / Медиабанкка өтүүПодготовка первоклассника к школе
Подготовка первоклассника к школе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Балдары окуй турчу ата-энелер эми каалаган мектебин тандаса болот. Болгону электрондук арызды туура толтуруп, документтери толук болушу керек.

БИШКЕК, 29-фев. — Sputnik. Мектепке электрондук каттоо системасына балдарын 1-класска берчү 7178 ата-эне арыз тапшырды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.

Былтыр Бишкектин мектептери эле 1-класска барчу балдарды электрондук түрдө каттаса, 2020-2021-жылдары бул долбоор дагы беш шаарда иштей баштады. Алар — Ош, Жалал-Абад, Кызыл-Кыя, Токмок жана Кара-Балта. Аталган алты калаанын тургундары чүрпөлөрүн мектепке эми милдеттүү түрдө электрондук түрдө гана каттата алат.

Мектептеги окуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окуучуларды 11-класска чейин окууга милдеттендирген мыйзам кабыл алынды
Баланы 1-класска электрондук каттоо 15-февралда башталган. Эсиңиздерге салсак, былтыр 1-этапта микроучастокто жашагандардын балдары биринчи катталчу. Быйыл ал эреже өзгөрүп, аталган маселе жоюлду. Балдары окуй турчу ата-энелер эми каалаган мектебин тандаса болот. Болгону электрондук арызды туура толтуруп, документтери толук болушу керек.

Арыз калтыруу үчүн балдары 1-класска барчу ата-энелер порталына катталып, тиешелүү документтерди тиркеши зарыл.

Системанын жол-жобосу боюнча Sputnik агенттиги атайын материал даярдаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0