Чемпион Улукбек Нарындын ардактуу атуулу болуп, белекке BMW X5 алды

© © SputnikНаграждение чемпиона Азии Жолдошбекова в Нарыне
Награждение чемпиона Азии Жолдошбекова в Нарыне - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Балбанды кичи мекенинде бийлик өкүлдөрү, туугандары, достору жана спорт сүйүүчүлөрү шаң менен тосуп алды.

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Эркин күрөш боюнча Азия чемпиону Улукбек Жолдошбековду кичи мекенинде жердештери салтанат менен тосуп алды.

© © SputnikЖолдошбековго демөөрчүлөр 400 миң, Нарын шаардык кеңеши 100 миң жана мэрия тарабынан 70 миң сомдун сертификаттары берилди.
Чемпион Улукбек Нарындын ардактуу атуулу болуп, белекке BMW X5 алды - Sputnik Кыргызстан
Жолдошбековго демөөрчүлөр 400 миң, Нарын шаардык кеңеши 100 миң жана мэрия тарабынан 70 миң сомдун сертификаттары берилди.

Иш-чара Нарын шаарынын Турдакун Усубалиев атындагы борбордук аянтында бүгүн, 28-февралда, өттү. Анда өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Эмилбек Алымкулов балбан Улукбек Жолдошбековго "Нарын облусунун атуулу" төш белгисин тапшырды.

"Сенин жараткан ийгилигиңе бүтүндөй кыргыз журту кубанып турат. Алдыда боло турган Олимпиада оюндарынын чемпиону болушуңду каалайм", — деп куттуктады Алымкулов.

Облус жетекчиси балбандын биринчи машыктыруучусу Мирбек Акаевге да белектерди тапшырды.

© © SputnikНарын облусундагы өкүлү Эмилбек Алымкулов балбан Улукбек Жолдошбековго "Нарын облусунун атуулу" төш белгисин тапшырды.
Чемпион Улукбек Нарындын ардактуу атуулу болуп, белекке BMW X5 алды - Sputnik Кыргызстан
Нарын облусундагы өкүлү Эмилбек Алымкулов балбан Улукбек Жолдошбековго "Нарын облусунун атуулу" төш белгисин тапшырды.

Андан тышкары, Жолдошбековго демөөрчүлөр 400 миң, Нарын шаардык кеңеши менен мэриясы 100 миң, спорт мектептери тарабынан 70 миң сомдун сертификаттары берилди. Ал эми жеке ишкерлер BMW X5 үлгүсүндөгү автоунаасын тартуу кылды.

© © SputnikЭркин күрөш боюнча Азия чемпиону Улукбек Жолдошбековду кичи мекенинде жердештери салтанат менен тосуп алды.
Чемпион Улукбек Нарындын ардактуу атуулу болуп, белекке BMW X5 алды - Sputnik Кыргызстан
Эркин күрөш боюнча Азия чемпиону Улукбек Жолдошбековду кичи мекенинде жердештери салтанат менен тосуп алды.

Эске сала кетсек, балбан 23-февралда Нью-Делиде өткөн чоңдор арасындагы Азия чемпионатында 61 килограмм салмактагылар арасында биринчи орунду алган. Андан мурдараак жаштар арасында дүйнө чемпиону болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0