Ишембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Эмиль СадыровОштон Хорогго жолдун көрүнүшү
Оштон Хорогго жолдун көрүнүшү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
29-февралда түнкүсүн Нарын, Ош, Ысык-Көл облустарынын айрым райондорунда кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңуп, тайгак болот.

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. 29-февралда күндүз Нарындын кээ бир аймактарында, Ош, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй, Талас аймактарында +9…+14, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +10…+15, Ысык-Көл өрөөнүндө +3…+8 Нарын жергесинде +1…+6 градуска чейин күн жылыйт.

Бишкекте күндүн табы +11…+13, Ошто +12…+14 градуска дейре көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0