Кыргызстанда 25 жыл мурун чыккан учактарга тыюу салынды

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезентация "Боинг 737-800" с надписью Bubusara ("Бубусара") на носовой части лайнера
Презентация Боинг 737-800 с надписью Bubusara (Бубусара) на носовой части лайнера - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай чечимдин негизги максаты — жарандык авиацияны өнүктүрүү жана калкка товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу.

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Чыкканына 25 жылдан ашкан жарандык учактарга мындан ары Кыргызстанда учууга тыюу салынды. Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Модернизация международного аэропорта Манас - Sputnik Кыргызстан
Бир да учагыбыз жок! Бүк түшкөн кыргыз авиациясынын абалы тууралуу арман кеп
Мындай чечимдин негизги максаты — жарандык авиацияны өнүктүрүү жана калкка товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу.

Документ авиациялык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү жана чет өлкөлүк авиакомпаниялар менен күчтүү атаандаштык түзүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Түшүндүрө кетчү жагдай, бул чектөөлөр Кыргызстанга жаңы алып келинчү аба кемелерине тиешелүү.

"Ал эми КРдин жарандык аба кемелеринин мамлекеттик реестрине мурда кирип калган учактар дагы деле уча алат. Болгону жарандык учактар чыкканына 40 жылдан, жүк ташуучу учактар 50 жылдан ашпашы керек", — деп айтылат билдирүүдө.

КРдин жарандык аба кемелеринин мамлекеттик реестрине көз жүгүртүп көрсөк, азыр анда жалпысынан 54 учак жана тик учак катталган. Алардын ичинен 16сынын колдонууга берилгенине 25 жылдан ашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0