Автоунааларга электрондук паспорттор даярдалууда

© Sputnik / Акылбек БатырбековАвтомобильный затор в день "черной пятницы" в Бишкеке
Автомобильный затор в день черной пятницы в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик каттоо кызматынан Кыргызстанда киргизиле турган жаңы ыкма быйыл Евразиялык экономикалык биримдиктин бардык өлкөлөрүнө киргизиле тургандыгын айтты.

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматы транспорттордун электрондук паспорт системасын киргизүүнү пландап жатат. Бул туурасында аталган ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашты.

Анда 2020-жылдын 1-ноябрынан тарта ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн бирдиктүү системага өтүү зарылдыгы айтылган.

Автомобильные пробки на Новорижском шоссе - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда автоунааны каттатуу 2020-жылы канча турат? Калькулятор
Транспорт каражаттарынын электрондук паспортунда автоунаа туурасында бардык маалыматтар болот. Үлгүсү, модели, түсү, салмагы, чыккан жылы, кыймылдаткычтын көлөмү, кузовунун номери, күчү, шассиси жана vin-коду жазылат. Жалпысынан алганда автоунаа туурасында 100дөй маалымат топтолот.

Мамлекеттик каттоо кызматынан мындан улам ЕАЭБ мамлекеттеринин аймагында автоунаалардын жүрүүсү, аларды каттоо, соодалоо бир топ коопсуз болуп каларын айтышты.

Бул системадан автоунаага коюлган чектөө туурасында билсе болот. Андан сырткары, автокөлүктүн жасалып чыккандыгынан же Бажы биримдигинин аймагына ташып келингендигинен тарта, жок кылынганга же башка аймакка чыгарып кеткенге чейинки таржымалы киргизилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0