15:40 05 Чын Куран 2020
Түз эфир
  • USD84.8713
  • EUR91.6483
  • RUB1.0978
Коом

Эмне жесе иммунитет көтөрүлөт? Жолдошбаевге жооп берген аткаминер күлкүгө салды

Кыскача шилтеме алуу
388401
© Видео / пресс-служба ЖК

Айыл чарба министринин орун басары депутатка иммунитетти көтөрүү үчүн Ат-Башынын балы пайдалуу экенин айтты.

Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев өкмөт мүчөлөрүнөн адамдар иммунитетин көтөрүү үчүн эмне жеши керектигин сурады.

Белгилей кетсек, бүгүн өкмөт мүчөлөрү жазгы талаа иштери боюнча парламентке маалымат берип жатат.

"Бүгүн аябай кыйын мезгил болуп жатат. Кубатбек Айылчиевич, айтсаңыз, адамдардын иммунитетин көтөрүү үчүн кайсы өсүмдүктү сунуштайсыздар? Бээнин сүтүн ичип же баглан козу жеш керекпи? Себеби алар оорудан кутултат экен да. Бул жаатта кандай оюңар бар?" — деди Жолдошбаев.

Анда айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев ал үчүн Ат-Башынын балын жеш керектигин айтты.

"Бул бал иммунитетти аябай көтөрөт. Ошон үчүн бардык жерде, медициналык жактан да балды сунушташат", — деди Керималиев.

Жолдошбаев өзү атбашылык болгондуктан аткаминердин мындай жообу депутаттарды күлкүгө салды.

Деген менен Жолдошбаев бул жоопко канааттанган жок. Ал бал жегендер кант диабети менен ооруп жатканын айтып, башка жолун билүүгө кызыкты.

"Булар өздөрү бал көп жей берип семирип алганбы, билбейм. Телевидение аркылуу кайсы тамак-ашты жеш керектигин сунуштап коюш керек да. Катуу маселе болуп жатат, эгер иммунитети жакшы болсо ал кишиге оору жукпайт. Кыргыз элинин ден соолугун карайлы", — деди Жолдошбаев.

Соңунда ал өкмөт мүчөлөрү суроого толук кандуу жооп бербей жатканына нааразы болду.

Тема боюнча

Элди күлдүргөн жана кыжырын келтирген депутаттардын жоругу. Видеолор топтому
Белгилер:
Камчыбек Жолдошбаев, айыл чарба, депутат

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ