Студенттер эми бардык справканы бир жерден алат. ЖОЖдорду санариптештирүү

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүВсероссийский географический диктант в регионах России
Всероссийский географический диктант в регионах России - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө бийлигинин учурдагы негизги максаттарынын бири — билим берүүнү жана окуу процессин башкарууну электрондук форматка өткөрүү.

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Кыргызстанда студенттин 1-курстан тарта колуна диплом алганга чейинки билим алуу траекториясы электрондук форматка өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу бейшемби күнү борбор калаада өткөн "Санариптештирүү шартында Кыргызстандагы билим берүү сапатын жакшыртуу маселелери" форумунда Бишкек мамлекеттик университетинин ректору Абдылда Мусаев билдирди.

Анын айтымында, учурдагы негизги мактаттардын бири — билим берүүнү жана окуу процессин башкарууну электрондук форматка өткөрүү. Бул багытта өлкөдөгү ЖОЖдордо бир топ иштер жасалды.

© Фото / пресс-служба БГУ им. К.Карасаева Кыргызстанда студенттин 1-курстан тарта колуна диплом алганга чейинки билим алуу траекториясы электрондук форматка өткөрүлүп жатат.
Кыргызстанда студенттин 1-курстан тарта колуна диплом алганга чейинки билим алуу траекториясы электрондук форматка өткөрүлүп жатат. - Sputnik Кыргызстан
1/2
Кыргызстанда студенттин 1-курстан тарта колуна диплом алганга чейинки билим алуу траекториясы электрондук форматка өткөрүлүп жатат.
© Фото / пресс-служба БГУ им. К.Карасаева Бул тууралуу бейшемби күнү борбор калаада өткөн "Санариптештирүү шартында Кыргызстандагы билим берүү сапатын жакшыртуу маселелери" форумунда Бишкек мамлекеттик университетинин ректору Абдылда Мусаев билдирди.
Бул тууралуу бейшемби күнү борбор калаада өткөн Санариптештирүү шартында Кыргызстандагы билим берүү сапатын жакшыртуу маселелери форумунда Бишкек мамлекеттик университетинин ректору Абдылда Мусаев билдирди. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Бул тууралуу бейшемби күнү борбор калаада өткөн "Санариптештирүү шартында Кыргызстандагы билим берүү сапатын жакшыртуу маселелери" форумунда Бишкек мамлекеттик университетинин ректору Абдылда Мусаев билдирди.
1/2
Кыргызстанда студенттин 1-курстан тарта колуна диплом алганга чейинки билим алуу траекториясы электрондук форматка өткөрүлүп жатат.
2/2
Бул тууралуу бейшемби күнү борбор калаада өткөн "Санариптештирүү шартында Кыргызстандагы билим берүү сапатын жакшыртуу маселелери" форумунда Бишкек мамлекеттик университетинин ректору Абдылда Мусаев билдирди.
"Билим берүү процессине тиешелүү маалыматтар электрондук форматка өткөрүлгөндүктөн, студент кайсы жерде жүрбөсүн өзүнө тиешелүү материалдарды ала алат. Ошол эле тапшыра элек модулдар, төлөнө элек канча акчасы калганы сыяктуу маалыматтар үчүн деканат же бухгалтерияга чуркабайт", — деди Мусаев.

Анын айтымында, учурда көптөгөн окуу жайларда "Бирдиктүү терезе" системасы иштей баштады. Анын негизги максаты — студенттин убактысын жана каражатын үнөмдөө. Мисалы, бир маалым кат алуу үчүн мурдагыдай 5-6 кабинетке кирип чыгуунун зарылдыгы жок.

Большая пресс-конференция президента Сооронбая Жээнбекова - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков Кыргызстан латын тамгасына өтөр-өтпөсүн айтты
Мунун аркасы менен окуу жайлардын бардык кызматкерлери маалыматты топтоо иштерине катышып, санариптик сабатсыздыгын жоюп, жаңы маданият калыптанып жатканы айтылды.

Мындан тышкары, санариптештирүүнүн жардамы менен кыргызстандык студенттер АКШ, Россия жана Европа мамлекеттериндеги мыкты университеттердин профессорлорунун лекцияларын угуп жатканы айтылды.

Эске салсак, үстүбүздөгү жыл президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы болуп бергиленген. Анда ишкерлик, билим берүү, медицина, мамлекеттик башкаруу сыяктуу маанилүү тармактарды санариптештирүү тапшырмасы коюлган.

Жаңылыктар түрмөгү
0