Үй алууга акча жетпей жатса эмне кылуу зарыл? Адистен кеңеш

© Sputnik / Табылды КадырбековКурулуш компаниясынын жетекчиси Темир Султанбеков. Архив
Курулуш компаниясынын жетекчиси Темир Султанбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ишкер Темир Султанбеков жеке турак жайларын куруу менен алектенет. Ал бул тармактын канчалык пайдалуу экенин айтып берди.

Бишкектен батир сатып алуу — борбор шаардын көптөгөн тургундарынын тилегени. Бирок ага жеткидей каражат топтоо оңой-олтоң эмес.

Курулуш компаниясынын жетекчиси Темир Султанбеков батирге караганда жер там салуу алда канча арзан түшөрүн айтат.

— Адатта алгачкы бизнес көбүндө ийгиликтүү жүрбөйт эмеспи. Ойдогудай чыкпай калган кандай ири ишиңиз болду эле?

— 2011-жылы досум экөөбүз кондитердик азыктарга кызыгып, иш баштаганбыз. Пирожное жана торт жасаган цехти ижарага алган элек. Башта баары жакшы эле сезилген, ишибиз илгерилеп дегендей. Бирок бир эле күндө баары өзгөрүп кетти. Жумушка келип, эшикти ачканыбызда суу атты! Бүтүндөй цехти суу каптаптыр, ун, кант, даярдалган бардык азыктар суу болгон экен...

Көрсө, катуу ысып кеткендиктен цехте түтүк жарылат. Ошентип көз ачып-жумганча күйүп кеттик. Албетте, сотко берген жокпуз. Ижарачы бизге бир аз тыйын карматты, бирок чыгашабызды баары бир жапмак эмес. Бизнести жыйыштырууга аргасыз болдук.

© Sputnik / Табылды КадырбековТемир Султанбеков: Жеке жумушчулар менен иштешкенде алардан эч нерсе талап кыла албайсыз. Алар сизден акчаны алат дагы, жөн гана телефонун өчүрүп салышы ыктымал. Ишкана менен келишим түзсөңүз толук бүтүрүп берүүгө, кемчиликтер чыкса аларды жоюуга кепилдик берет.
Үй алууга акча жетпей жатса эмне кылуу зарыл? Адистен кеңеш - Sputnik Кыргызстан
Темир Султанбеков: Жеке жумушчулар менен иштешкенде алардан эч нерсе талап кыла албайсыз. Алар сизден акчаны алат дагы, жөн гана телефонун өчүрүп салышы ыктымал. Ишкана менен келишим түзсөңүз толук бүтүрүп берүүгө, кемчиликтер чыкса аларды жоюуга кепилдик берет.

— Эмнеге курулуш ишине кириштиңиз? Бул деле "баштапкы каражатсыз" башталбай турган иш эмеспи.

— Бизнес үчүн таптакыр ылайыктуу убак эмес эле, 2014-жылдагы кризистин кайнап турган кези. Досум экөөбүз эмне кыларыбызды көпкө ойлондук, анан имараттарды ремонттогон ишкана ачалы деген чечимге келдик... Ремонт кылдырып көрдүңүз беле?

— Ооба.

— Жеке жумушчулар жасады беле?

— Ооба, кадимкидей эле.

— Аларга дооматыңыз көп болдубу?

— Албетте, байкасам, баары эле нааразы экен. Жумушчулардын бири ичип алып, эшикти ичинен илип коюп, түнү бою ачпай кыйнаган.

Кыргызстандыкн ишкер Мирлан Акжигитов - Sputnik Кыргызстан
Үй куруп АКШ рыногуна киргени жатабыз. 5 компания ачкан айылдык жигиттин маеги
— Мына көрдүңүзбү? Жеке жумушчулар менен иштешкенде алардан эч нерсе талап кыла албайсыз. Алар сизден акчаны алат дагы, жөн гана телефонун өчүрүп салышы ыктымал. Ишкана менен келишим түзсөңүз толук бүтүрүп берүүгө, кемчиликтер чыкса аларды жоюуга кепилдик берет.

2014-жылы биз курулуштар айланабызда жайнаганын, бирок ремонт жасоо кызматын сунуштаган ишканалар жокко эсе экенин байкадык. Ошентип жакшы ремонтчуларды таап, бул ишке кириштик. Буюртмалар жаай баштаган...

— Кийин жеке турак жай курууга өттүңүзбү? Билишимче, жер үй куруу батир сатып алууга караганда арзаныраак...

— Ооба, ошондой. Албетте, шаардын борборундагы үйлөрчөлүк эмес, анткени ал жактарда жер тилкелери өтө кымбат.

© Sputnik / Табылды КадырбековИшкер: Эгер жер тилкесине, курулушка, ичин жасалгалоо кеткен бардык чыгымдарды кошсок, бул турак жайдын баасы 45 миң доллардын тегерегине чыгат. Ушундай эле аянттагы батир орточо 70 миң доллар турат эмеспи.
Үй алууга акча жетпей жатса эмне кылуу зарыл? Адистен кеңеш - Sputnik Кыргызстан
Ишкер: Эгер жер тилкесине, курулушка, ичин жасалгалоо кеткен бардык чыгымдарды кошсок, бул турак жайдын баасы 45 миң доллардын тегерегине чыгат. Ушундай эле аянттагы батир орточо 70 миң доллар турат эмеспи.

— Бир үй-бүлө бар дейли, акчасы азыраак, бирок там салууну самайт. Кандай сунуш берер элеңиз?

— Мисалы, Ак-Ордо өңдүү жаңы конуштун биринен жер тилкесин сатып алышсын. Эки сотых жер болжол менен 5 миң доллардан. 100 чарчы метрлик там салууга болот, 15-16 миң долларга айланат. Эгер жер тилкесине, курулушка, ичин жасалгалоого кеткен бардык чыгымдарды кошсок, бул турак жайдын баасы 45 миң доллардын тегерегине чыгат. Ушундай эле аянттагы батир орточо 70 миң доллар турат эмеспи.

— Билишимче, көптөгөн кыргызстандыктар үчүн өз күчү менен турак жай тургузуу абдан маанилүү. Бул сыймык гана тургай, арзан деп да эсептелет.

Кыргызстанда жеке жер үйлөрдүн курулушу  - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда там салуу канча турат? Инфографика
— Биринчиден, биздин буюртмачылар деле өзүбүз салдык деп айтышат. Балким акчасын төлөп жаткандыктан ушинтишер. Экинчиден, ишти компания колго алганда өз алдынча кургандан көрө арзаныраак түшөт. Себеби курулуш материалдарын даярдоочу заводдор менен келишимдерибиз болгондуктан, алар бизге товарларын түз сатат.

— Үнөмдүү варианттар туурасында сүйлөштүк. Заңгыраган хан сарайларчы?

— Жер тилкелери айрыкча Киргизия-1 жана Киргизия-2 райондорунда (бишкектиктерге бул райондор "хан ордосу" деп белгилүү — ред.) кымбат. Бир сотых жер 10-11 миң долларга бааланат.

Эң чоң үйдү биз дал ушул райондо тургуздук. Аянты — 720 чарчы метр, бийиктиги — төрт кабат. Спорт залы, иш бөлмөсү, залы бар, уктоочу жана сергип алчу бөлмөлөрү көп. Андан тышкары, террасага чыкчу ашканасы бар, ал эми төртүнчү кабаты чоң терезелери тоо жакты караган кенен бөлмөдөн турат.

— Азыр үйлөрдү сэндвич-панель, контейнерлерден куруп жатышат. Компаниялар төмөн баага мыкты сапатты убада кылышууда...

— Контейнерлерден курулган там кышкысын бир топ суук, жайкысын ысык тартат. Металлдын иши баары бир металл. Жеке пикиримде, кыштан тургузгандан өтөрү жок, экологиялык жактан таза, бекем.

© Sputnik / Табылды КадырбековСултанбеков: Контейнерлерден курулган там кышкысын бир топ суук, жайкысын ысык тартат. Металлдын иши баары бир металл. Жеке пикиримде, кыштан тургузгандан өтөрү жок, экологиялык жактан таза, бекем.
Үй алууга акча жетпей жатса эмне кылуу зарыл? Адистен кеңеш - Sputnik Кыргызстан
Султанбеков: Контейнерлерден курулган там кышкысын бир топ суук, жайкысын ысык тартат. Металлдын иши баары бир металл. Жеке пикиримде, кыштан тургузгандан өтөрү жок, экологиялык жактан таза, бекем.

— Азыр калаа толук курулуп бүткөндөй эле. Рынок үчүн жетиштүүбү, башка турак жай курбай деле койсок болобу? Кандай ойлойсуз?

— Менимче, курулуштагы дүрбөлөң дагы 7-8 жылга созулат. Бишкекте бош орундар али да бар.

— Өзүңүз кандай турак жайда жашоону ылайык көрөсүз: батирдеби же жер үйдөбү?

— Азыр батирде турам, бирок сөзсүз там салам.

Бишкекте самандан англиялык технология боюнча там курган Айбек Шаршенбаевдин да маегине көз жүгүртүңүз.

Жаңылыктар түрмөгү
0