Жээнбеков Кыргызстан латын тамгасына өтөр-өтпөсүн айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековБольшая пресс-конференция президента Сооронбая Жээнбекова
Большая пресс-конференция президента Сооронбая Жээнбекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Латын арибине өтүү маселеси Кыргызстанда былтыркы жылдын сентябрь айынан бери көтөрүлүп келет. Демилге Жогорку Кеңештин депутатына таандык.

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын латын тамгасына өтүүсүнө зарылдык жок. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков ТАСС агенттигине маек куруп жатып билдирди.

Журналисттер айрым коңшу мамлекеттердин латын арибине өткөнүн белгилеп, Кыргызстанда бул маселенин актуалдуулугу тууралуу суроо беришкен.

Жээнбеков аталган маселе Кыргызстан жаңыдан эгемендүүлүккө ээ болгон жылдары да көтөрүлгөнүн эске салды.

"Ошондо эле биз туура жолду тандап кириллица алфавити менен калганбыз. Азыр латын тамгасына өтүүнүн зарылдыгы жок. Республиканын илимий жана маданий потенциалы кириллица менен иштеп турганда ачылып, бир топ ийгиликтерге жетишкен", — деди президент.

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Радио
Ишекеев: латын алфавитине өтүүгө даяр эмеспиз
Буга чейин Казакстан 2025-жылдан тарта толугу менен латын тамгасына өтө турганын жар салган.

Ал эми Кыргызстанда бул маселени ЖК депутаты Алтынбек Сулайманов көтөрүп, билим берүү министрине талапкер болуп жаткан Каныбек Исаковдун пикирине кызыккан. Исаков эгер ушундай мүмкүнчүлүк жаралса, демилгени колдой турганын айтып, коомчулуктун сынына кабылган

Жаңылыктар түрмөгү
0