Кыргызстандын РФтеги элчилигинин алдында пикет өттүбү? Расмий жооп

© Sputnik / Алексейс СтефановсРабота посольства Кыргызстана в России
Работа посольства Кыргызстана в России  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматтык агенттиктин жеке булагынын айтканына караганда, 30 жаштагы Жаныбек аттуу кишини Якиманка районунун полиция бөлүмүнө алып барышып, ал жакка медиктерди дагы чакырышкан.

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Москвадагы Кыргызстандын элчилигинин алдында жалгыз киши нааразычылык акциясын өткөрүп жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу дипломатиялык өкүлчүлүккө таянуу менен РИА Новости жазды.

Эскерте кетсек, буга чейин оозун тигип алган эркек киши элчиликтин алдына келгени тууралуу айтылган. 

Басылманын жазып чыкканына караганда, 30 жаштагы Жаныбек аттуу кишини Якиманка районунун полиция бөлүмүнө алып барышып, ал жакка медиктерди дагы чакырышкан. Маалыматка караганда, ал мындай жол менен “нааразычылык акциясына чыккан”.

Кийин элчилик РИА Новости агенттигине “бул чындыкка туура келбесин, мындай окуя болбогонун” билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0