Өкмөт чек арага жакын 18 айылга өзгөчө макам берүүнү карап жатат

Жазылуу
Чек арага жакын аймактардын коопсуздугун камсыздоо жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү үчүн 296,25 миллион сом бөлүнгөн.

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Өлкөдөгү 18 калктуу конушту өзгөчө макамга ээ болгон чек ара аймактарынын тизмесине киргизүү сунушталууда. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Вице-премьер Акрам Мадумаровдун төрагалыгы алдында "Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө" мыйзамды аткаруу боюнча ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын отуруму өттү.

"Аталган мамлекеттик программа биз үчүн зор мааниге ээ. Биринчи кезекте чек арага жакын аймактардын коопсуздугун камсыздоо, социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү маселелери турат. Андыктан ал жакта жашаган калктын бакубатчылыгын камсыздоо үчүн көрсөтүлгөн иш-чаралардын планын так, сапаттуу аткаруу маанилүү", — деди Мадумаров.

Мужчина поливает грядку у себя в огороде. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Өзбекстан менен Тажикстанга чектеш айылдарды өнүктүрүүгө 100 млн. сом бөлүнөт
Ошондой эле жыйында жумушчу комиссия 18 калктуу конушту өзгөчө макамга ээ болгон чек ара аймактарынын тизмесине киргизүү үчүн алты мамлекеттик органдын сунуштарын караган.

Вице-премьер мамлекеттик органдарга мамлекеттик программанын алкагында жасалчу иштерди өз убагында жана сапаттуу аткаруу боюнча тапшырмаларды берген.

Маалыматка ылайык, 2018-2020-жылдарга карата айрым чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыздоо жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү мамлекеттик программасын ишке ашыруу боюнча 33 иш план бекитилген. Ал үчүн бюджеттен 296,25 миллион сом бөлүнгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0