Эпидемия учурунда үйдөгү тазалыкты кантип сактоо керек. Медиктердин кеңеши

Жазылуу
Коронавирус акыркы күндөрү Кытайдан башка отуздай өлкөгө жайылып, көпчүлүктүн жүрөк үшүн алып турган кез.

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Ар кандай вирустардан, жугуштуу оорулардан корккондо көчөдө сак жүргөнүбүз менен үйгө келгенде баарын унутуп коёбуз. Бирок адистер эпидемиологиялык абал курчуп турган кезде үйдөгү тазалыкка өзгөчө көңүл бурууну сунуштайт.

РИА Новости агенттиги россиялык бир нече дарыгердин пикирин угуп, мурда кожойкелер үйдү вирустардан коргоодо колдонуп жүргөн кээ бир ыкмаларды жокко чыгарышты.

Элдик ыкмалар пайдасызбы?

Педиатр Ольга Воробьеванын айтымында, медицина менен заманбап технологиялардын жетишкенине карабай, көпчүлүк дагы деле чоң апаларынан көргөн ыкмаларга ишенет.

"Стерилизацияланган бөлмөгө эле бекинип албасаңар, медиктердин айткандары дагы, элдик ыкмалар дагы вирустан 100 пайыз сактайт деген кепилдик жок", — деди дарыгер.

Ал эми терапевт, "ABC Медицина на Парке культуры" бейтапканасынын башкы дарыгери Наталия Поклонова сарымсак, бактериядан коргоочу бөлмө өсүмдүктөрү айрым учурда бир топ пайдалуу экенин айтат.

Усиление санитарно-карантинного контроля в аэропортах - Sputnik Кыргызстан
Үрүмчүдөн келген кыргызстандык 40 студент карантинден чыгарылды
"Бөлмөлөргө аарчылып коюлган сарымсак, хризантема, герань сыяктуу гүлдөр, ар кайсы эфир майларынан түтөтмөлөр абаны тазалап, вирус, бактерияларды өлтүрүп турат. Бирок бул үй чаңсыз, таза болгон учурда гана. Үй кир болсо, жардам бере албайт", — деди Поклонова.

Дарыгердин пикиринде, эпидемия учурунда кожойкелер антисептикалык каражаттарды "ысык нандай талашат", бирок аны аша чаап кетпей, туура колдонуу зарыл.

"Албетте, абада вирус көп кезде сырттан киргенде сумканы, телефонду бактерияга каршы ным сүлгү менен сүрүп алган туура. Ошондой эле эшиктин кармагычын, полду, даараткананы маал-маалы менен сүрүп туруу керек. Бирок антисептикалык каражаттардын курамында бактерияларды өлтүрчү химиялык заттар көп. Андыктан аша чаап кетпеш керек", — деди Поклонова.

Ал кошумчалагандай, улам-улам жууй бергенде, тетирисинче, вирустар туруштук берүүгө жөндөмдүү боло башташат.

Үйди кантип тазалоо керек?

Педиатр Ольга Воробьева эпидемия учурунда үйдү мурдагыдан башкачараак тазалоо керектигин эскертет.

"Эпидемия жүрүп жаткан учурда үйдү мурдагыдан эки эсе тазараак жыйнаш керек. Мисалы, чаңды сордуруп, пол жууп, чаң сүрүп коюу жетишсиз. Эми үй-бүлө мүчөлөрү көп кармалаган буюмдарды (шкаф кармагычы, телевизордун пульту, муздаткычтын сырты ж.б.) антисептикалык каражаттар менен сүртүп чыгуу керек", — деди адис.

Мындан тышкары, сыртта канчалык суук экенине карабай, үйдү маал-маалы менен желдетип туруу зарыл. Анткени адам дем алганда бөлүп чыгарган көмүртекте бактериялар тез өрчүйт.

Меры по предупреждению и выявлению заболевания коронавирусом в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан Италиядан келгендерге дагы карантин жарыялады
Ошондой эле дарыгерлер абаны кайра циркуляциялоочу лампаларды сатып алууну сунушташат.

"Бул лампалар үйдө пайда болгон бактерияларды жок кылат. Бирок анын чындап пайдасын көрөм десеңиз, шылуундарга алданбай, аты чыккан фирмалардыкын издешиңиз керек", — деди Поклонова.

Мындан тышкары, адистер эпидемия учурунда кийимдин тазалыгына өзгөчө көңүл буруп, тез-тезден жууп, үтүктөп кийүүнү сунуштайт.

Коронавирус тууралуу

Кытай бийлиги 2019-жылдын 31-декабрында Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна (ДСУ) өлкөнүн борбордук бөлүгү Ухань шаарында белгисиз пневмония оорусу күч алганын билдирген. Адистер оорунун козгогучу коронавирус nCoV 2019 экенин аныктап, эл аралык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал деп жарыялаган. Кийин аталышы COVID-19 деп өзгөртүлгөн.

Акыркы күндөрү вирус Түштүк Корея, Иран, Япония, Италия өлкөлөрүнө тез тарап кеткендиктен, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул мамлекеттердеги мекендештерди алып келүү максатында издеп жатат.

Акыркы маалымат боюнча, Кытайда коронавирусту жугузуп алгандар 80 миң, ал эми каза тапкандар 2 704 адам болду. Оорудан 27 миң киши айыгып кетти. Учурда аталган илдет 30дан ашуун мамлекетке тараган.

Жаңылыктар түрмөгү
0