Катардагы айдоочулар үчүн ОСАГОнун качан киргизилери айтылды

© Sputnik / Нина Зотина / Медиабанкка өтүүЭлектронный страховой полис в Москве
Электронный страховой полис в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ОСАГО боюнча толукталган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш жылдын башында кабыл алып, президенттин кол коюусуна жөнөткөн.

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Автотранспорт ээсинин жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу (ОСАГО) катардагы айдоочулар үчүн 2022-жылдан тарта иштеп башташы мүмкүн. Бул маалыматты Финансылык көзөмөл боюнча мамлекеттик кызматтын жетекчиси Арзыбек Кожошев билдирди.

Анын айтымына караганда, ОСАГО боюнча толукталган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш жылдын башында кабыл алып, президенттин кол коюусуна жөнөткөн.

Кожошев мыйзам долбоорунда төмөнкү мөөнөттөр көрсөтүлгөнүн айтты:

  • Быйылкы жылдын апрель айынан тарта автоунаа ээси болгон чет элдик жарандарга, юридикалык тараптарга, анын ичинен мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарга, жүк көтөрүмдүүлүгү 12 тоннадан ашкан автоунаалардын кожоюндарына тиешелүү болот;
  • 2021-жылдын 1-январынан тарта жүк ташуучу автоунаа ээлерине (12 тоннага чейин) жана эл ташуу менен алектенгендер;
  • 2022-жылдын 1-январынан тарта жалпы элге.

Аткаминер түшүндүрүү иштери жүргүзүлөрүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0