Сот системасын өнүктүрүүгө 10,8 млрд. сом бөлүнөт

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүРайондук судьянын балкасы. Архив
Райондук судьянын балкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Парламентте "2019-2022-жылдарга КР сот системасын өнүктүрүү" максаттуу мамлекеттик программасынын долбоору каралууда.

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. 2019-2022-жылдары Кыргызстандын сот системасын өнүктүрүүгө 10 миллиард 854 миллион сом бөлүнөт. Бул туурасында парламенттин жыйынында финансы министринин орун басары Улукбек Кармышаков билдирди.

Ал "2019-2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот системасын өнүктүрүү" максаттуу мамлекеттик программасынын долбоорун депутаттардын кароосуна алып келди.

Анын айтымында, төрт жылда бөлүнө турган бюджеттик каражат 10 миллиард 854 миллион сомду түзөт.

Ал эми 2014-2017-жылдары ушул эле программанын алкагында сот системасына 4 миллиард 351 миллион сом бөлүнгөнүн билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0