Кыргызстанда милиция күчөтүлгөн тартипте иштей баштады. Себеби

© Sputnik / Табылды КадырбековЖаңы кайгуул кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштей баштады. Архив
Жаңы кайгуул кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштей баштады. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Хоккей боюнча төртүнчү дивизиондун дүйнө чемпионаты 3-5-март күндөрү Бишкектеги шаардык муз аянтчада өтөт. Анда Кыргызстан Филиппин, Малайзия, Кувейт командалары менен ойнойт.

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. 2020-жылкы хоккей боюнча дүйнө чемпионатын өткөрүүгө кам көрүү иштерине байланыштуу коопсуздук чаралары күчөтүлөт. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, хоккей боюнча төртүнчү дивизиондун дүйнө чемпионаты 3-5-март күндөрү Бишкектеги шаардык муз аянтчада өтөт. Анда Кыргызстан Филиппин, Малайзия, Кувейт командалары менен ойнойт.

"Чемпионат учурунда чет элдик коноктор менен жергиликтүү тургундардын коопсуздугун камсыздоо ИИМдин артыкчылыктуу милдеттеринин бири", — деп айтылат билдирүүдө.

Тиешелүү кызматтарга спорттук мелдештер өтчү жайларды карап чыгып, көзөмөлгө алуу тапшырмалары берилди.

Мындан тышкары, ИИМ жарандардын күтүлбөстүктөрдү алдын алуу боюнча текшерүү иштерине жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырып, коомдук жайларда күмөн жараткан нерсени байкап калса, дароо жакын жердеги милиция бөлүмүнө кайрылуусун суранат.

Жаңылыктар түрмөгү
0