Бишкекте жумушсуз жүргөндөр акысыз окутулат. Курстардын тизмеси

© Sputnik / Табылды КадырбековШиретүүчүлөр иш учурунда. Архив
Ширетүүчүлөр иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окутуудан өткөндөргө 360 сом өлчөмүндөгү мамлекеттик стипендия төлөнүп, окууну аяктагандар сертификат алышат.

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Борбор калаада жумушсуз жүргөн жарандар акысыз окутулат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Бишкек шаарынын иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, окутуунун максаты — жумушсуз жүргөндөргө кийин иш табууга жардам берүү.

Эске салчу жагдай, бардык жумушсуз жүргөн жарандар окутулбайт. Калаада каттоосу барлар гана акысыз билим ала алат.

"Жарандар эмгек рыногунда суроо-талап болгон ондогон адистиктер боюнча окутулат. Окутуу бир айдан төрт айга чейин уланып, жеке компанияларда же шаардык кесиптик лицейлеринде өтөт. Окугандарга ай сайын 360 сом өлчөмүндөгү мамлекеттик стипендия төлөнүп, бүтүрүүчүлөргө сертификат тапшырылат", — дешти башкармалыктан.

Жумушсуздар окуй турчу адистиктер:

— укалоочу;

— чачтарач, косметолог-визажист, каш татуаждоо, лешмейкер;

— маникюр, педикюр жасоочу, кирпик, каш жасоочу;

— администратор, официант-бармен, ашпозчу;

— компьютерди билген кеңсе менеджери;

— бухгалтердик эсеп + 1С, бухгалтердик билим;

— сатуучу-консультант, кассир;

— "В" жана "С" категориялары боюнча айдоочу;

— чыгыш жана европа ашканасы боюнча ашпозчу;

— кондитер;

— тигүүчү;

— тигүү тармагында слесарь-ремонттоочу;

— автоунаалар боюнча адис;

— токарь-универсал;

— телефон, турмуш-тиричилик техникаларын оңдогон адис;

— ширетүүчү;

— вагон оңдоочу;

— кран – автоунаа машинисти;

— сall-борбордун оператору;

— web-дизайнер.

Мындан сырткары, графикалык редактор, бухгалтерлердин программасы, чет тилдерин жана бизнес, ишкерликтин баштапкы этаптарын үйрөнө алышат.

Кайда кайрылуу керек?

  • Ленин районунун жумушсуздарды каттоо бөлүмү. Бөкөнбаев көчөсү, 99. Телефондору: (0312) 30-36-82, 30-36-96;
  • Биринчи Май районундагы бөлүмү. Бөкөнбаев көчөсү, 99. Телефондору: 30-37-44, 30-37-48;
  • Октябрь районундагы бөлүмү. Токтогул көчөсү, 43. Телефондору: 68-02-04, 43-47-70;
  • Свердлов районундагы бөлүмү. Токтогул көчөсү, 43. Телефондору: 68-02-04, 43-47-70;
  • Белгилей кетсек, бөлүмдөрдүн бардыгы бир даректе жайгашкан.

Катталуу үчүн эмне керек?

— жашаган жеринен справка;

— паспорт;

— эмгек китепчеси;

— кесиптик квалификациясын тастыктаган документтер.

Шаарда каттоосу жок жарандар Бишкек шаарынын иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын жаштар саясаты жана ички миграция боюнча бөлүмүнө кайрылса болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0