01:18 31 Жалган Куран 2020
Түз эфир
  • USD80.8100
  • EUR89.6142
  • RUB1.0114
Коом
Кыскача шилтеме алуу
140 0 0

Азыркы тапта 38 чет өлкөлүк мекемелерде "Паспорт", "ЗАГС" жана "Жарандык" автоматташтырылган маалыматтык система иштеп жатат.

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Чет өлкөдөгү кыргызстандыктар үчүн консулдук кызматтарды көрсөтүү электрондук форматка өткөрүлөт. Бул боюнча Мамлекеттик каттоо кызматы ТИМдин Консулдук кызмат департаменти менен биргеликте IT-долбоордун планын түзгөнүн ведомстводон билдиришти.

Мунун эң негизги максаты — автоматташтырылган маалыматтык системаны иштеп чыгып, чет өлкөдөгү жарандар түрдүү документтерди тез арада алышына шарт түзүү.

"Азыркы тапта чет жактагы жарандар арыздарын кагаз түрүндө толтуруп, диппочта аркылуу Кыргызстанга жөнөтүлөт. Бул система ишке киргенден кийин арыздар онлайн түрүндө тийиштүү мамлекеттик органдарга жетет. Муну менен кызмат көрсөтүүлөрдүн мөөнөтү бир топко кыскартылат. Онлайн түрүндө консулдук каттоого туруу жана Кыргызстанда жашаган жеринен каттоодон чыгаруу болжолдонууда", — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, чет өлкөдө туруп эле паспорт (eID карт) алууга жана айдоочулук күбөлүктү калыбына келтирүү системасын киргизүү пландалууда. Ошондой эле Кыргызстандын жарандыгынан баш тартуу жана алуу боюнча арыздар кабыл алынат.

Мамкаттоо азыркы тапта 38 чет өлкөлүк мекемелерде "Паспорт", "ЗАГС" жана "Жарандык" автоматташтырылган маалыматтык системасы иштеп жатканын белгилейт. Бул мекендештерге 15-20 күндүн ичинде паспорт алууга шарт түзөт. Мурда бул үчүн үч айдан бир нече айга чейинки убакыт талап кылынган.

Тема боюнча

"Түндүк" мамлекеттик порталы кандай кызмат көрсөтөт? 4 суроого жооп
Белгилер:
паспорт, онлайн, кыргызстандыктар, чет өлкө

ЭҢ МААНИЛҮҮ