07:01 09 Чын Куран 2020
Түз эфир
  • USD84.8713
  • EUR92.1193
  • RUB1.1204
Коом
Кыскача шилтеме алуу
48 0 0

Февралдын аягы менен март айларында республикалык куран жарышына катышуучуларды тандап алган  конкурстар болот. Ал эми сынак үстүбүздөгү жылдын 12-апрель күнү өтөт. 

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы "Куран жазы" аталышындагы республикалык куран жарышын өткөрөт. Бул туурасында муфтияттан билдиришти.

Сынак үстүбүздөгү жылдын 12-апрель күнү Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун борбордук мечитинде болот.

26-февралдан 28-мартка чейин бардык облустук жана шаардык казыяттар өз аймагындагы тандоо конкурсун өткөрүп, жеңүүчүлөр республикалык Куран жарышына катышууга жолдомо алышат.

Сынактын шарт-талабы менен муфтияттын сайтынан кененирээк таанышууга болот.

Тема боюнча

Меккеге бара тургандардын кийимин жеке ишкер тигип бермей болду
Сауд Аравия кыргызстандыктар үчүн ажылык квотасын көбөйттү. Муфтияттын маалыматы
Белгилер:
муфтият, сынак, жарыш, куран, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ