09:11 24 Жетинин айы 2020
Түз эфир
  • USD84.7968
  • EUR100.7047
  • RUB1.1193
Коом
Кыскача шилтеме алуу
275 0 0

Н.К аттуу Кыргызстанда төрөлгөн кишини жакындары издеп жатканы буга чейин социалдык тармактарда жазылган. Ал адам Россиянын жараны болчу.

БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Кыргызстанда төрөлгөн киши Россиянын психикалык жактан жабыркагандардын  ооруканасынан табылды. Бул тууралуу  КРдин Акыйкатчысынын аппаратынан кабарлашты.

Билдирмеге ылайык, Кыргызстанда төрөлгөн Н.К. аттуу кишини жакындары издеп жатканы буга чейин социалдык тармактарда жазылган. Ал адам Россиянын жараны болгону айтылган. Жакындары анын Россиядан Кореяга иштегени кеткени тууралуу гана маалыматы болгонун айтып беришкен. Андан кийин  байланыш үзүлүп, кайда экени да белгисиз болуп жаткан.

"Акыйкатчынын өкүлү Россиянын укук коргоо органдары менен байланышканда, алар Н.К. Кореядан Владивостокко депортация кылынганын айтышкан. Жоголуп жаткан кишинин Приморск аймагындагы психиатрия ооруканасында экендиги аныкталган", — деп жазылат маалыматта.

Акыйкатчынын жардамчысы Бакыт Садиров Приморскиге барып, Кыргызстанда төрөлгөн адамдын ал-абалын билген. Садировго изделип жаткан адамдын абалы Кореядан эле начарлап, Владивостокко кантип келгенин билбей калганын маалымдашкан. 

Акыйкатчынын жардамчысы оорукананын дарыгеры менен бейтапты чыгарып кетүү тууралуу сүйлөшүп, аны Кыргызстанга туугандары коштоп кетерин айткан. 20-февралда Н.К. учак менен Ош шаарына жеткирилген.

Тема боюнча

Бүгүн өлкөдөгү бардык бейтапкана, ооруканалар иштебейт. Себеби айтылды
Алдыда эки майрам бар. Бул күндөрү ооруканалар менен бейтапканалар кандай иштейт
Белгилер:
оорукана, депортация, издөө, Россия, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ