Бишкектин бир бөлүгү эки күн суусуз калат. Тизме

© Sputnik / Жоомарт УраимовБишкекте суу өчүрүү
Бишкекте суу өчүрүү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Бишкек суу канал" ишканасынын кызматкерлери шаардыктарды жана ишканаларды суу менен камсыз кылган жайларды оңдоп-түзөөдөн өткөрөт.

БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Бул айдын соңку күндөрүнө жакын — 25 жана 27-февралда бир нече конуштарда таза суу өчүрүлөт. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

25-февралда 10:00дөн 15:00гө чейин Жеңиш конушу;

27-февралда 9:00дөн 16:00гө чейин Мурас Ордо менен Калыс Ордо конуштары.

Булардан сырткары, төмөнкү жайларда да өчүрүлөт. Алар:

  • № 86 башталгыч мектеби;
  • Мурас Ордо жана Калыс Ордо аймагындагы ҮДТ;
  • "Бактылуу балалык" менчик бала бакчасы.
  • "Билим берүү мекемелери иштебейт. Ал эми медициналык борборлор суу камдап коюп, элди кадимкидей эле кабыл ала берет", — деп айтылган маалыматта.

Суу берүүнү убактылуу токтотуу "Бишкек суу канал" ишканасынын кызматкерлеринин шаардыктарды жана ишканаларды суу менен камсыз кылган жайларды оңдоп-түзөөдөн өткөргөн иштеринен улам болууда.

Эгерде сиздерде суу менен камсыздоо боюнча кандайдыр бир суроолор жаралса, "Бишкек суу канал" ишканасынын төмөнкү телефондоруна кайрылсаңыздар болот:

  • Борбордук диспетчердик кызмат — 0 (312) 56-03-20;
  • Үйлөрдүн ортосундагы тармактар боюнча — 54-42-45, 54-42-44;
  • "Шаар суу түтүк" башкармалыгы, сырткы тармактар боюнча — 44-95-97, 44-96-45.
  • Ал эми маалыматты "Бишкек суу канал" ишканасынын WhatsApp 0 (770) 83-84-58 номерине жөнөтсөңүздөр болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0