Бишкекке Белоруссиянын электробустары алынып келиши мүмкүн

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүЖаңы кылымдын электробусу. Архив
Жаңы кылымдын электробусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белоруссиянын унаа куруучулары Кыргызстандын жүргүнчү техникасын толугу менен камсыздап берүүгө даяр экендигин билдиришти. Ошондой эле өлкөнүн өндүрүштүк потенциалын эске алуу менен бул жаатта долбоорлорду ишке ашырууга боло турганын айтышкан.

БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Белоруссиянын электробустары Бишкекке алынып келиши мүмкүн. Бул тууралуу өлкөнүн вице-премьер-министри Владимир Кухарев билдирген.

Белоруссия өкмөтүнүн сайтына чыккан маалыматка караганда, Кухарев соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-белорус өкмөттөр аралык отурумунда сөз сүйлөгөн.

"Белоруссиянын унаа куруучулары Кыргызстандын жүргүнчү, жүк ташуучу жана коммуналдык талабын толугу менен камсыздап берүүгө даяр. Жүргүнчү техникасын жаңылоо башка шаарлар сыяктуу Кыргызстандын борбору үчүн да маанилүү. Былтыр декабрда атайын делегация белоруссиялык ишканаларды кыдырып, акыркы чыгарылыштагы МАЗ менен "Белкоммунмашты" көргөн. Биз электробус жана автономдуу жүргөн троллейбустарды чыгаруу менен башкаларды кызыктыра алганыбызга кубанычтабыз", — деди Владимир Кухарев.

Вице-премьер Кыргызстандын өндүрүштүк потенциалын эске алуу менен бул жаатта долбоорлорду ишке ашырууга боло турганын кошумчалаган. Трансформатор, лифт, газдын эсептегичин кураштыруу өндүрүшү Минскидеги Козлов атындагы электротехникалык заводдо, "Могилевлифтмаш" жана "БелОМО" ишканаларында жүргүзүлүшү мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0