Аламүдүн айылы эл ташыган 8 автобустуу болду. Сүрөт

© Фото / Союз местных самоуправлений КРЧүй облусунун Аламүдүн районунда биринчи ирет айыл аймактын базасында муниципалдык коомдук транспорт ишке кирди
Чүй облусунун Аламүдүн районунда биринчи ирет айыл аймактын базасында муниципалдык коомдук транспорт ишке кирди - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чүйдүн Аламүдүн айыл аймагында биринчи ирет муниципалдык транспорт ишке кирет. Алар райондун үч айылы жана Бишкекти аралап жүрмөкчү.

БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Чүй облусунун Аламүдүн районунда биринчи ирет айыл аймактын базасында муниципалдык коомдук транспорт ишке кирди. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдирди.

© Фото / Союз местных самоуправлений КРВ Аламудунском айыльном аймаке одноименного района Чуйской области появился муниципальный пассажирский транспорт
Чүй облусунун Аламүдүн районунда биринчи ирет айыл аймактын базасында муниципалдык коомдук транспорт ишке кирди - Sputnik Кыргызстан
1/3
Чүй облусунун Аламүдүн районунда биринчи ирет айыл аймактын базасында муниципалдык коомдук транспорт ишке кирди
© Фото / Союз местных самоуправлений КРВ Аламудунском айыльном аймаке одноименного района Чуйской области появился муниципальный пассажирский транспорт
Бул саамалык Кыргызстан менен Өзбекстан өкмөтүнүн ортосундагы 2018-2021-жылдарга карата экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча программанын алкагында ишке ашты - Sputnik Кыргызстан
2/3
Бул саамалык Кыргызстан менен Өзбекстан өкмөтүнүн ортосундагы 2018-2021-жылдарга карата экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча программанын алкагында ишке ашты
© Фото / Союз местных самоуправлений КРВ Аламудунском айыльном аймаке одноименного района Чуйской области появился муниципальный пассажирский транспорт
Ага ылайык, Аламүдүн айыл аймагы Өзбекстандын Самарканд шаарында чыгарылган ISUZU маркасындагы 12 атайын техниканы Айыл банк аркылуу лизингге алган. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Ага ылайык, Аламүдүн айыл аймагы Өзбекстандын Самарканд шаарында чыгарылган ISUZU маркасындагы 12 атайын техниканы "Айыл банк" аркылуу лизингге алган.
1/3
Чүй облусунун Аламүдүн районунда биринчи ирет айыл аймактын базасында муниципалдык коомдук транспорт ишке кирди
2/3
Бул саамалык Кыргызстан менен Өзбекстан өкмөтүнүн ортосундагы 2018-2021-жылдарга карата экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча программанын алкагында ишке ашты
3/3
Ага ылайык, Аламүдүн айыл аймагы Өзбекстандын Самарканд шаарында чыгарылган ISUZU маркасындагы 12 атайын техниканы "Айыл банк" аркылуу лизингге алган.

Бул саамалык Кыргызстан менен Өзбекстан өкмөтүнүн ортосундагы 2018-2021-жылдарга карата экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча программанын алкагында ишке ашты.

Volgabus компаниянын заводунда Электробус - Sputnik Кыргызстан
Бишкек мэриясы 50 млн. долларга автобус алууну пландап жатат
Ага ылайык, Аламүдүн айыл аймагы Өзбекстандын Самарканд шаарында чыгарылган ISUZU маркасындагы 12 атайын техниканы "Айыл банк" аркылуу лизингге алган. Техниканын сегизи жүргүнчү ташыган автобус, экөө таштанды чыгарган атайын техника. Ошондой эле чоң жүктөрдү ташый турган эки автоунаа, бир экскаватор жана жол таптаган атайын бир техника бар.

Автобустар жакынкы сегиз күн аралыгында райондун үч айылы менен (Садовое, Мыкан жана Аламүдүн) Бишкек шаарын аралап каттап баштайт.

Лизингге алынган техниканын бардыгы айыл аймактын муктаждыктарын жана инфраструктурасын оңдоодо колдонулат.

Айыл аймактын башчысы Найзабек Көлбаев техникалардын келиши менен жаңы 46 жумушчу орун түзүлөрүн айтып, аз да болсо ички миграциянын токтошуна салым кошорун белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0