Ишембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүКол чатыр көтөргөн аял. Архив
Кол чатыр көтөргөн аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
22-февралда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Ишемби күнү, 22-февралда, күндүз Ош, Жалал-Абад, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жаан, кар жана тоолуу райондорунда кар жаайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден тоолуу райондордо жана Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +12…+17, Таласта +9…+14, Ысык-Көл жергесинде +3…+8, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +11…+16 градус жылуу, ал эми Нарын аймагында -2…-7 градус суук болот.

Күндүн табы Бишкекте +15…+17 жана Ошто +14…+16 градуска чейин көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0