Ээсине айтпай бир үйгө 1000 киши каттаган. Шайлоо алдындагы мыйзам бузуулар

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүЭркек менен аял турак үйдүн батирлерин карап жаткан убакытта. Архив
Эркек менен аял турак үйдүн батирлерин карап жаткан убакытта. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия Ош, Каракол жана Токмок шаарларында шаардык кеңештерге шайлоонун алдында добуш берүүчүлөрдүн саны кескин өсүп кеткенин айтып чыккан.

БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Прокуратура органдары шаардык кеңештерге шайлоо алдында каттоого тургандардын саны кескин өсүп кеткенине байланыштуу текшерүү учурунда Ош жана Каракол шаарларында ири мыйзам бузууларды тапты. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Подготовка к парламентским выборам в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Мамкаттоо үч шаарда шайлоочулардын саны кескин өсүп жатканын иликтейт
Буга чейин Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия Ош, Каракол жана Токмок шаарларында шаардык кеңештерге шайлоонун алдында добуш берүүчүлөрдүн саны кескин өсүп кеткенин айтып, укук коргоо органдарына текшерип көрүүнү сунуштаган

Иликтөө учурунда ушул жылдын январь-февраль айларында паспорт берүү жана калкты каттоо органдары тарабынан Ош шаарында 35 895 киши, Караколдо 3159 киши катталганы белгилүү болгон.

Ошондой эле айрым кызмат адамдары жарандарды үй ээсинин макулдугу жок эле жана тиешелүү документтерди даярдабай туруп каттоого тургузганы аныкталган.

"Мисалы, Ош шаарында бир эле дарекке 700, экинчи дарекке 1000ден ашык адам катталган. Бирок ал экөөндө тең эч ким жашабайт. Дагы бир учурда бир үйгө 900дөй киши катталыптыр. Анткен менен турак жай ээси бул тууралуу билген эмес", — деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми Каракол шаарында 100дөй кишини адам жашабаган имаратка, тагыраагы, жогорку окуу жайга каттап коюшкан.

Аталган фактылар боюнча Жазык кодексинин 320-беренесине ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") ылайык, Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды. Сотко чейинки өндүрүш уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0